Биз менен байланышыңыз

Эл аралык олимпиадада мыкты ийгиликке жетишкен айылдык мектеп

Билим-маданият , Коом | 15 Дек 2021 | 3176 | 0

Казакстандын Алматы шаарында өткөн информатика предмети боюнча XIII Евразия олимпиадасына барган Байтик айылындагы «Кут Билим» окуу-тарбия комплексинин окуучулары III орун алган. Мындай жыйынтыкка жетүү үчүн аталган мекеменин жетекчилиги жана мугалимдери да кылдат даярданган. Окуучулардын эл аралык олимпиадада жараткан ийгиликтери, аларды даярдоо кандай болгону жана мектептин ийгиликтери тууралуу атайын материал даярдадык. 

Казакстанда өткөн эл аралык олимпиадага Аламүдүн районундагы «Кут Билим» окуу-тарбия комплексинин окуучулары Улукбеков Эржан, Абдумаматов Орозбек, Исмаилов Асылбек катышып, III орунду багындырышты. Ошол эле учурда Кыргызстандан барган бардык окуучулардын ийгилиги абсолюттук жеңиш катары эсептелди.

Абдумаматов Орозбек «Кут Билим» окуу-тарбия комплексинин 11-классында окуйт. Ал окуу жайга келгенден бери жыл сайын информатика сабагынан олимпиадаларга катышып келет. Бул убакыт аралыгында бир катар ийгиликтерди багындырып, сертификат, мактоо баракчалары менен сыйланган. Эл аралык олимпиада ага дагы чоң дем бергенин айтат.

«Олимпиадага 7-класстан бери даярданып келебиз. Күн сайын даярдандык.  Даярданууга күнүнө 1-2-саат жумшачубуз, сынакка аз калганда 5-6 сааттап даярдандык. 4 жыл даярданып, ушундай жетишкендикке жетип атабыз. Бизге даярданууга атайын класс бөлүнүп берилген. Ал жакта бардык шарт түзүлгөн».

Аталган олимпиада Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын окуучуларынан куралган жалпы 132 окуучудан турган 44 команда ат салышкан. Алардын катарында Кыргызстандан барган 2 команда да болгон.

«Кут Билим» окуу-тарбия комплексинин информатика мугалими Манас Саматов бул мекемеде беш жылдан бери эмгектенет. Андан бери алар 3 эл аралык олимпиадага катышып, үчөөнөн тең үчүнчү орун алышкан.

«Бул олимпиадага катышуу үчүн башта тандоо турунан өтүү керек. Кыргызстандан 10го жакын команда катышып, андан 2 эле команда тандалып алынды. Сынак 1 эле күн болуп, 5 саатка созулду. Бул олимпиадага катышкан балдардын буга чейин деле жетишкендиктери болгон. Мисалы, Info Cup деген эл аралык сынакка катышып, III орунду камсыздаганбыз жана дагы бир ушундай эле сынактан коло байгени багынтканбыз. Аларга деле ушул эле курамда катышканбыз».

Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтү бул жеңишти кубануу менен кабыл алып, комплекстин жетишкендиктери менен сыймыктанып жатышкандарын билдирди. Байтик айыл өкмөтүнүн башкы адиси Сымар Атабаев мындай окуучулар Кыргызстандын келечеги экенин баса белгиледи.

«Эл да, айыл өкмөт да бул кабарды угуп алып, кубанып жатабыз. «Байтик айылындагы «Кут Билим» окуу-тарбия комплексинин окуучулары ушундай орунду ээледи» дегенде сыймыктандык. Биз айыл өкмөтү бул мектеп менен ар дайым байланыштабыз. Ушундай балдар Кыргызстандын келечеги болот».

«Кут Билим» окуу-тарбия комплекси 2012-жылы кыргызстандык ишкерлердин колдоосу менен ачылган. 300 орундуу мектепте учурда 260 окуучу билим алууда. Мекемеде Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен бардык сабактар өтүлүп, артыкчылык катары англис жана араб тилдери кошумча окулат. Андан тышкары бир катар ийримдер иш алып барат.

Окуу-тарбия комплексинин директору Алмамбет Балтабаев окуучулардын олимпиадага катышуусу дүйнө таанымына өтө зор таасир этерин, ар бир ийгилик мекемени мындан да чоң жетишкендиктерди багындырууга шыктантарын айтты.

«Буга чейин да биздин билим берүү комплексибиз бир катар ийгиликтерге жетишкен. Алсак, ЖРТдан 3 алтын медаль, дүйнөлүк информатика боюнча сынакта 1 коло медалга ээ болгонбуз, анан аталган сыйлыкка жетиштик. Биз Казакстандагы сынакка биринчи жолу эле катышып, байгелүү орун алдык. Башка да жетишкендиктерге жетүү үчүн колдон келген аракетти кылып жатабыз».  

Айта кетсек, аталган эл аралык олимпиадага Кыргызстандын «Сапат» билим берүү мекемеси да катышып, I орунду алган. Кийинки жылдагы олимпиаданын Астана шаарында өтөрү айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM