Биз менен байланышыңыз

Ишкерлерди тейлөө борбору бир айда 1300 жаранды тейледи

Кыска кабар | 15 Дек 2021 | 198 | 0

Бишкекте Ишкерлерди тейлөө борбору ачылган күндөн тарта 1300 адамга кызмат көрсөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Анын ичинен:

-салыктык каттоодон 72,

-эсептик каттоодон 18,

-кайра каттоодон 57 салык төлөөчү өттү.

Ошондой эле салыктар боюнча 122, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 744 ишкер отчёт тапшырды. Ал эми 30 жаран салыктык каттоодон өткөнү жөнүндө, 16сы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкат алышкан.

Мындан тышкары 147 ишкер патент жана камсыздардыруу полисин алды. Патент менен иштеген 36 ишкер өз ишин токтотту.

Ишкерлерди тейлөө борбору 2021-жылдын 25-ноябрында ачылган. Анда Салык кызматынан сырткары 9 мамлекеттик орган жана уюмдар кызмат көрсөтүшөт.

-Юстиция министрлиги,

-Саламаттыкты сактоо министрлиги,

-Бажы кызматы,

-Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы,

-Кыргызпатент,

-Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик контролдоо агенттиги,

-Баалуу металлдар департаменти,

-Тышкы миграция департаменти,

-Тышкы соода чөйрөсүндөгү «бирдиктүү терезе» борбору,

-Ишкердикти өнүктүрүү фонду,

-Кепилдик фонду,

-Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы.

-Ошол эле жерде «РСК Банктын» филиалы жайгашкан.

Ишкерлерди тейлөө борборунда каттоодон, кайра каттоодон өтүү, отчётторду тапшыруу, маалымкаттарды, лицензияларды жана уруксат кагаздарды, консультацияларды жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу.

Борбор ишкерлерди шаардын райондук салык органында катталганына карабастан кызмат көрсөтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM