Биз менен байланышыңыз

Статком: Кыргызстанга жүздөн ашык электромобиль алып келинген

Кыска кабар | 15 Дек 2021 | 873 | 0

Быйылкы жылдын он айында Кыргызстанга жүздөн ашык электромобиль унаасы алып келинген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат.

Электромобилдер 8 өлкөдөн келген. Алардын ичинен Кытайдан — 36, АКШдан — 23 жана Литвадан — 21 унаа жеткирилген. Бул унаалардын баасы орто эсеп менен 12 миң доллардан башталат.

«Аман электроникс» компаниясы Кыргызстанда электромобилдердин санын көбөйтүү максатында машиналарды 3 жылдык лизингге  берүүнү пландаштырууда. Компаниянын директору Аскат Исаевдин айтымында, электромобилге өтүү — муктаждык.

— Анткени көмүрдөн келген энергия – чектелген энергия.  Көмүрдү күйгүзөбүз, ал асманга чыгып, кайра жерге түшөт, жерден кайра топтолот. Табият өзү толукталып, калыбына келе турган кубулуш. Биздин керектөөбүз топтолгонго убакыт жетпей кала турган мезгил келе жатат. Машина өндүрүүчүлөр 2030-жылга баары ДВСтен электрокыймылдаткычка өтөт. Биз ошого канчалык тез, канча жакшы көңүл бурсак, ошончо пайда алабыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM