Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Дагы эки бейтап каза болуп, 28 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 15 Дек 2021 | 442 | 0

Кыргызстанда 15-декабрга карата дагы 28 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 13ү Бишкек шаарында, төрт учур Чүй облусунда, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылды.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери 184 миң 55 адамга коронавирус жукту.

Акыркы сутка ичинде эки бейтап каза болду. Жалпы өлүм учурлары 2 миң 775 адамга жетти.

Бир суткада 43 адам илдеттен сакайып, жалпы айыккандар 179 миң 123 киши болду.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 317 бейтап, үй шартында 354 адам дарыланууда.

Copyright © 2017 Maral FM