Биз менен байланышыңыз

Жапаров «Экспо-2020» көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын павильонуна барды (сүрөт)

Кыска кабар | 14 Дек 2021 | 525 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратынын вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум менен Кыргызстандын улуттук павильонуна барды.

Кыргыз павильонунун көргөзмө стенддери менен таанышуу учурунда Бириккен Араб Эмиратынын вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумга кыргыз элинин тарыхы жана маданияты, ошондой эле туристтик потенциал, экономикалык өз ара аркеттенүү жана кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилди.

Белгилей кетсек, 14-декабрда Дубай шаарында «EXPO 2020» дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын Улуттук күнүнө арналган иш-чара өтөт. Көргөзмөнүн аймагында ар кыл маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM