Биз менен байланышыңыз

«Камбар-Ата 1» боюнча келишим түзүүдө этияттык керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Дек 2021 | 747 | 0

«Камбар-Ата 1» долбоорун ишке ашыруу боюнча келишим түзүүдө этияттык менен иш алып баруу керек. Мындай пикирин энергетика тармагындагы адис Мырзатай Султаналиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал бул долбоор бүгүнкү мезгилде өтө керектүү долбоор экенин белгиледи. Өзбекстанда учурда электр энергиясы жетишсиз. Электр энергия чыгарган станцияларынын көпчүлүгү көмүр жана газ менен иштейт. Өзбекстанга берилген газдын көлөмү болсо, жылдан-жылга  азайып жатат. Ал эми Казакстанда болсо, эч качан суусу тартылбаган Сыр-Дарыянын нугунда быйыл суу какшып калды. Ошон үчүн булар долбоорго катышууга кызыкдар жана келишим түзүүдө электр энергиянын көбүрөөк пайызын талап кылышы мүмкүн. Андыктан Кыргызстан абайлап, өзүнүн керектөөсүнөн ашкан гана пайызын берүүгө макул болушу керек.

«Эгерде «Камбар-Ата 1» ГЭСИ Төмөнкү Нарын каскады менен бирдей режимде иштей турган болсо, Кыргызстандын кызыкчылыгы сыртка чыгып кетпейт. Келишим түзүүдө ушуну эске алуу керек. Бул эл аралык келишим болгондуктан, кийин өзгөртүүгө оор болот. Ошол себептүү абайлоо керек», — дейт ал.

Адис «Камбар-Ата 1» ГЭСин куруу маселесин 20-30 жылдан бери ар бир өкмөт башчы, президент көтөрүп келе жатканын айтты. Айтымында, бул долбоорду жалгыз ишке ашыруу Кыргызстандын колунан келбейт. Ал эми Корея, Япония сыяктуу өнүккөн мамлекеттерден инвестор келбейт.

«Эгерде Корея, Япония сыяктуу өлкөлөрдөн инвесторлор келе турган болсо, буга чейин келмек. Бул — биздин начар иштеп жатканыбыздан. Биз, мисалы, инвесторлорго туура эмес талаптарды коюп жатабыз, же болбосо туура эмес түшүндүрүп берип жатабыз. Биз сырттан каражат алмайынча бул долбоорду кура албайбыз. Анткени бул долбоорду баштагандан кийин бүтүрүү керек. Каражат көп сарпталат. Биз өзүбүз эле жалгыз куруп алабыз десек,  Жогорку Нарын каскадындагыдай абал болот. 38 млн долларды жөн эле жердин астында калтырып койдук. Ошондой кылып, баштап алып анан орто жолдон калтырып койсок туура эмес. Ошон үчүн ушундай чоң өлкөлөр менен карым-катнашта болуп, чогуу курушубуз керек», — деди адис.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM