Биз менен байланышыңыз

Мектепке барууга шарты жок балдарга өкмөт жардам берет

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 879 | 0

Президент Садыр Жапаров «Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, эки жума ичинде мектептерге барбаган же окууну токтоткон балдардын саны такталат.

Бир айлык мөөнөттө балдарын кароого, мектепте окутууга каражаты жок үй-бүлөлөр аныкталат. Аларга зарыл зарыл нерселерин сатып алууда жардам көрсөтүлөт.

Жарлыктын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жүктөлдү.

Эки айлык мөөнөттө баланын башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алуусу үчүн зарыл чараларды көрбөгөн же чектеген ата-энелердин жоопкерчилигин караган мыйзам долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.

Башкы прокуратура жыл сайын 1-июлга чейин окуучулардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча мыйзам талаптарынын аткарылышы жөнүндө маалымат берип турат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, быйылкы окуу жылынын башында 2,5 миңден ашык бала мектепке барган эмес. Ага ата-энелердин материалдык кыйынчылыктары, баланын ата-энесине жардам берүүсү, иштөө зарылчылыгы, ата-энелердин диний себептер боюнча балдарын мектепке жиберүүдөн баш тартуусу, документтердин жок болушу, туугандарынын балага көңүл бурбоосу (ата-энеси миграцияга кеткен учурда) эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM