Биз менен байланышыңыз

Бир мандаттуу округдардын 19унда шайлоонун жыйынтыгы аныкталды

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 1862 | 0

Борбордук шайлоо комиссиянын кечээ, 12-декабрдагы жыйынында бир мандаттуу 19 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы аныкталды.

БШКдан билдиргендей, тиешелүү округдардын аймактары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде төмөнкү талапкерлер Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды деп табылды:

— № 15 Базар-Коргон шайлоо округу – Алтынбеков Айбек;

— № 16 Ноокен шайлоо округу – Сыдыков Бактыбек Усенович;

— № 22 Жайыл шайлоо округу – Азыгалиев Нурланбек Асанбекович;

— № 23 Москва шайлоо округу – Ханджеза Карим Лемзарович;

— № 7 Ош шайлоо округу – Осмонов Айбек Жапарович;

— № 28 Октябрь шайлоо округу – Бекешев Дастан Далабаевич;

— № 33 Нарын шайлоо округу – Бакасов Улан Болотбекович;

— № 8 Төлөйкөн шайлоо округу – Алимбеков Нурбек Каарыевич.

— № 12 Өзгөн шайлоо округу –Элмурза Ракиевич Сатыбалдиев;

— №10 Куршаб шайлоо округу –Төлөнов Данияр Эрмекович;

— № 18 Ала-Бука шайлоо округу – Турсунбаев Азизбек Атакозуевич;

— № 35 Ак-Суу шайлоо округу – Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич.

— №2 Баткен шайлоо округу – Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич;

— №3 Кадамжай шайлоо округу – Атажанов Ырысбек Ысламович;

— №4 Көк-Жар шайлоо округу – Бакиров Омурбек Мирзараимович;

— №5 Ноокат шайлоо округу – Коргонбай уулу Жусупбек;

— №19 Токтогул шайлоо округу – Сулайманов Кундузбек Кошалиевич;

— №26 Ленин шайлоо округу – Абиров Жаныбек Болотбекович;

— №20 Манас шайлоо округу – Жумабеков Дастанбек Артисбекович.

Белгиленгендей, АШК шайлоо округдары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда жана шайлоонун жыйынтыгын аныктоодо БШК келип түшкөн бардык арыздарды жана даттанууларды карайт, алар боюнча мыйзамга ылайык чечим кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM