Биз менен байланышыңыз

Абдирасулова: Бакиевдин убагында кол салуу аракети болгон

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Дек 2021 | 1901 | 0

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова «Маралдын» эфиринде маек куруп, башынан өткөргөн күндөрүн, укук коргоочулуктагы кыйын кезеңдерди айтып берди.

Анын айтымында, мурунку президент Курманбек Бакиевдин убагында өмүрунө кол салган учурлар дагы болгон. Анда Азиза Абдирасулова Ноокат окуясы боюнча камалган 32 адамдын ал-абалын билүү үчүн Ош жергесине барып кайтып келаткан.

Ал 2008-жылдагы Ноокат окуясын эскерип, анда камакка алынган 32 адам ар кандай кыйноолорго кабылганын билдирди.

«Ал окуяда 32 адам камакка алынган эле. Баары тең кыйноо көргөн. Бир эле келин жөнүндө айтайын, аты Зарипа болчу, кармалган убакта 6 айлык боюнда бар экен. Анын колуна оор бетонду берип, суткалап  көтөртүп коюшкан. Манжалары сынып кетип, кийин ийри болуп бүтүп калган. Боюнан түшүп калганда ооруканага алып барып тазалатып, кайра алып келип туруп, муздак душтун түбүнө коюп коюшкан. Температурасы 42ге чейин көтөрүлүп, эс-учун жоготуп жыгылганга чейин турган. Бул ноокаттыктарга карата колдонулган кыйноонун бир эле учуру»,  -дейт ал.

«Бир жигит бар эле, жашы 17де болчу. Өзбек жигит. Ошону 2 бутун сууга салып коюп, ток бар зымдын бир учун колуна карматып, бир жагын сууга салышыптыр. «Чачтарым тик туруп кетти», — деп өзү айтып берген эле. Эми андайды жаш бала ойлоп чыгарбайт да. Андай кыйноону кармалган 32 адам тең башынан өткөргөн. Ошондо мен комиссияны жетектеп, Ноокатка барып, Араванда, Кара-Сууда, Оштун УКМКсында, СИЗОсунда  кармалып турган 32 адамдын баары менен жолугушуп чыккам. Ошондо бизге кол салуу болгон. Кыштын күнү, Ноокаттын ашуусу көк муз. Ошол жактан чыгып келатканда, унаабызды бузуп коюшканын билдик. Биз Ноокаттын УКМКсына кирип кеткенде жасашканбы деп ойлоп калдык. Унаабыздын астында бир шурупту бошотуп, дагы бир жерин араалап коюшкан экен. Аз эле калган экен. Ошол бөлүнүп кетсе, биз ошол ашуудан куламак экенбиз. Жанымда абышкам, артыбызда 30дан жаңы ашкан балдар-кыздар бар эле»,  -дейт укук коргоочу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM