Биз менен байланышыңыз

Азиза Абдирасулова: Биринчи жолу пикетке пикет эмне экенин түшүнбөй эле чыккам

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Дек 2021 | 1126 | 0

Азиза Абдирасулова «Маралдын» эфиринде өзүнүн укук коргоочулук иши кантип башталганын айтып берди. Айтымында, 2000-жылдары Феликс Кулов, Өмүрбек Суваналиевдер камакта экенде аларды жактагандар Бишкектеги Агропромдун алдында, Горький паркында 6 айдан ашык пикет өткөрүшкөн. Бул — эң узак мөөнөткө созулган пикет болгон.

«Ошол убакта мен өзүмдү укук коргоочу деп эсептейт белем, эсептебейт белем, билбейм. Бирок ошол кезде үй-бүлөм менен Союз урагандан кийин жокчулукту, жакырчылыкты көп тартып, балдарым жаш, квартиралап жүрүп, кылбаган ишим калбай, ошол убакта менин деле бийликке нааразычылыгым болсо керек, анан ошол пикетке күнүгө жумушка келгендей эле бир маал келип, кабар алып коюп кетип, менин активдүүлүгүм ошол 2000-жылдары башталган. Биринчи жолу милицияга да пикетке катышып жатат деп ошол жылдары кармалдым. Эки сутка отурдум», — деп эскерди укук коргоочу.

Азиза Абдирасулова 2001-жылы жарандык коомдун активисттери Төлөйкан Исмаилова, Эдил Байсаловдор менен таанышып калат. Бала кезден ыр, кыска макалаларды жазып жүргөндүктөн, ошол кездеги «Асаба», «Республика» гезиттери менен иштешип баштайт.

«Менин тагдырымды өзгөрткөн учур — гезитине макалаларымды берип жүргөн кезимде Замира Сыдыкова Аманбек Карыпкулов, Дастан Сарыгулов менен соттошуп, камалып кетти. Ошондо Замираны коргоп, Башкы прокуратуранын алдына өмүрүмдө биринчи жолу пикетке чыккам. Пикет деген эмне экенин түшүнгөн деле эмесмин. Колуна кагаз кармап турат экен», — дейт Азиза Абдирасулова.

Ал ошол кезде саясатка, адам укугуна баш-оту менен кирип кеткенге такыр мүмкүнчүлүгү болбогонун билдирди. Жолдошу катуу ооруп, операция жасалган, 5 кичине баласы менен квартиралап жашаш оор болгон.

«Күнүмдүк негизги планым — акча таап келип, балдарымдын курсагын тойгузуу болчу. Ошондо да Горький паркына бир келип кеткенге жетишчүмүн», — деп эскерет укук коргоочу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM