Биз менен байланышыңыз

Балдар ооруканасы ачылды, бирок кызматкерлер нааразы

Ден соолук , Коом | 10 Дек 2021 | 5135 | 0

Бүгүн, 10-декабрда борбор калаада Республикалык дартты аныктоо борборунун имаратында көп тармактуу клиникалык балдар ооруканасы ачылды. Аны ачуу демилгесин Саламаттыкты сактоо министрлиги көтөрүп, бюджеттен акча кеткен эмес. Бирок Дартты аныктоо борборунун кызматкерлери буга нааразы.

Буга чейин Бишкекте эки гана: №3 жана Жал кичи районундагы «Эне жана баланы коргоо» балдар ооруканасы иштеп келген. Республикалык дартты аныктоо борборунун ордуна балдар ооруканасын ачуу чечими ноябрь айында кабыл алынган. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев борбордогу калктын саны өскөнүнө байланыштуу бул оорукананы ачуу муктаждыгы келип чыкканын билдирди.

«Бул оорукана бизге керек. Мурун союз мезгилинде 500 миң кишиге эки оорукана: Байтик баатыр көчөсүндөгү № 3 балдар ооруканасы, Жал кичи районундагы оорукана болсо, азыркы мезгилде Бишкек шаары чоңоюп, калктын саны 1,5 миллионго жетип калды. Дайым эле жазында, күзүндө, кышында ооругандар көбөйгөндө балдарга орун жок калып, коридордо жатып калуу, кезек күтүү көп болот. Азыркы кезде биз бул жерге жаткырсак, ушул проблеманы чечебиз. Бүгүндөн тарта кабыл алуу башталды». 

Оорукананын башкы дарыгери Турдубай Мүсүралиевдин айтымында, балдар ооруканасында жалпысынан 200дөй, анын ичинде, ата-энелер үчүн кошумча 40-50нүн тегерегинде койка коюлган. Жалпы 5 бөлүм ачылган. Жандандыруу бөлүмү ачыла элек болгондуктан, азырынча 4 жаштан 16 жашка чейинки гана балдар кабыл алынып жатат.

«Бир-эки күн жатып кетчүлөр үчүн 20 койкасы бар бөлүм ачтык. Андан кийин өпкө ооруларына байланыштуу бөлүм бар, анда 40 койка коюлган. Шартка жараша ал көбөйүп, азайып калышы мүмкүн. Анан жалпы бөлүмүбүз бар, ал жакта дээрлик баары: ашказан, бөйрөк, жүрөк оорулары менен ооругандар жатат, ага 60 койка эсептелинди. Жакынкы планда бизде жаңы жылда акча бөлүнүп калса, капиталдык ремонттон өткөрөбүз. Себеби бул имарат 30 жылдан бери толук оңдоодон өткөн эмес».

Балдар ооруканасына айланган имарат буга чейин Республикалык диагностика борбору болчу. Ал дартты аныктаган амбулатордук медициналык мекеме катары 1990-жылы уюшулган. Орточо эсеп менен күнүнө 800-900 бейтапты кабыл алып, 600гө чукул ар кандай ооруну изилдеп келген. Дартты аныктоо борборуна алыскы аймактардан, Казакстандан да бейтаптар кайрылып турушкан. Аларда эч кандай жолдомосуз диагностикадан өтүү мүмкүнчүлүгү бар болчу. Эми алыскы аймактардан келген бейтаптар жеке менчик борборлорго жолдомо менен кайрылууга туура келет. Бул бир кыйла машакатты жаратарын айтышат борбордун кызматкерлери.

Буга чейин диагностикалык борбордо жалпы 250 кызматкер иштеген. Азыр 104ү гана калып, калгандары жеке менчик клиникаларга которулуп кетишкен. Кызматкерлердин айтымында, өлкөдөгү жападан жалгыз диагноз борбору жабылып жатат. Анда иштеген кызматкерлердин азыр кайда иштээри, эмне болору белгисиз.

«Кыргызстанда диагностикалык борбор таптакыр жоюлуп жатат. Республика боюнча мындай борбор жок. Казакстанда болсо мындай борборду Улуттук диагностикалык борбор деп көтөрүп койду. Ар ким өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп жатат. Эртеден бери министр «жумуш менен камсыз кылдык» деп сүйлөп жатат, андай эмес. Министрлик керектүү аппараттарды сатып берип, көтөрүп кеткенде республика боюнча жакшы борбор болмок».  

Бактыгүл Жээнбаева Бишкек шаарынын тургуну. Ал бул диагностикалык борбордун туруктуу пациенти болгон. Бул иш-чарага капысынан туш болгон бейтап балдар ооруканасынын ачылганына таң калганын жашырган жок. Ал республикалык деңгээлдеги дартты аныктоо борборунун жабылып калышын туура эмес кабыл алганын айтат.

«20-30 жылдан бери ушул жерге келип, диагноз чыгартчубуз, ушул жерден баарыбыз көрүнчүбүз. Борборду жаппоо керек эле. Мен башка клиникаларга деле көрүнө алам, бирок бу жакка көрүнүп көнүп калгам. Мен жаран катары муну айтып коюшум керек».

Ал эми министр Алымкадыр Бейшеналиев диагностикалык борбордун жабылышына карызга батып, өзүн актай албай калганын жүйө келтирди. Анын билдирүүсүнө таянып айтсак, азыр диагностикалык борбордун 10 миллион сомго жакын карызы бар. Андагы жабдуулар эскирип, керектен чыккан. Калкты сапаттуу тейлөө үчүн ушундай чечим кабыл алууга аргасыз болгонун айтты министр.

«Бул диагноз борбору көп жылдан бери ачылып, аппаратуралары 30 жылдын ичинде эскирип, кээ бирлери сынып, атаандаштыктан улам акыркы мезгилде абдан көп карызга батып калган. Биз кичине жардам берип жаттык. Карыздын баарын министрлик өзү төлөп берет. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү өчүрөбүз дегенде, өзүбүз төлөп берерибизди айттык.  Врачтарга айлыкты Саламаттыкты сактоо министрлигинин резервиндеги акчаны алдык, өкмөттөн акча сурабайбыз».

Саламаттыкты сактоо министрлигинин мединалык жардамды уюштуруу жана коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекова калктын бушайманга түшүүсүнүн кереги жок экенин, жакынкы аралыкта дарт аныктоо борбору кайрадан ачыларын кабарлады. Бирок так датасын айткан жок.

«Дартты аныктоо боюнча биринчиден, өзүңүздөрдүн үй-бүлөлүк дарыгерлериңиздерге кайрыласыздар; экинчиден, биз жакын арада Улуттук госпиталдын базасында экстремалдуу түрдө жардам көрсөтө турган дарт аныктоо борборун ачабыз». 

Учурда оорукананын 4-5-кабаттарында бейтаптар үчүн керебеттер коюлуп, 48 бала дарыланып жатат. Бул имарат Киев менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM