Биз менен байланышыңыз

Илимдеги жемкорлук коомду сабатсыздыкка алып барат

Коом | 9 Дек 2021 | 1089 | 0

9-декабрь коррупция менен күрөшүү күнүнө карата Улуттук илимдер академиясында илимдеги паракорлук темасы талкууланды. Анда окумуштуулар илимдеги коррупциянын кесепети, аны менен күрөшүүнүн жолдору тууралуу ой бөлүштү. Окумуштуулардын пикиринде, коррупция аралашкан илимде жаңы ачылыш жасоо мүмкүн эмес.

Мамлекеттүүлүккө коркунуч туудурган коррупция илдети ар кайсы чөйрөдө тамыр жайып, анын ичинде коомдун өнүгүүсүнө түз салымын кошкон билим менен илимге да кесепетин тийгизип жатканы белгилүү. Уурдалган илимий эмгектер, илимий наам, даражаларды сатып алуу буга айкын мисал.

Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаевдин айтымында, илим Совет мезгилинде өнүгүп, космоско чейин жеткен. Азыркы күндө Кыргызстан илимий ачылыштарга жете албай жатканы коррупцияга байланыштуу.

— Бардык сферадагы коррупцияны жоюу керек, өзгөчө илимдеги коррупцияны. Жойбосок анда Кыргызстанда илим таптакыр жок болуп кетиши мүмкүн. Анткени илим деген жыйынтык бериши керек. Ачылышты илими, билими жогору кызматкер жасайт. Коррупцияга аралашкан кызматкер эч качан ачылыш жасабайт.

Илимпоздор билим берүүнүн сапаты жылдан-жылга начарлап, 30 жыл ичинде дипломдорду сатып отуруп, «дипломдуу сабатсыз кадрлар» көбөйгөнүн белгилешүүдө.

Коррупцияга каршы жумушчу кеңештин төрагасы Алмаз Ибраев билим берүү жана илим тармагын түп-тамырынан реформалоо керек деген ойдо. Илимде тамыр алган паракорлуктун кесепети жалпы коомго тиет. Мамлекеттик деңгээлдеги жетекчилердин сабатсыздыгы — илимдеги уурулуктун таасиринен.

— Муну тоталдык деградация деп айта турган болсок, ал бизди билимсиздикке, наадандыкка, сабатсыздыкка алып барат. Бүгүнкү күндө жогорку өкүлдөрүбүз, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү алдындагы кагазды тыңыраак окуй албай, анча-мынча эле терминдерди так айта албай калган абалга жетип отурабыз. Мындан ары такыр эле сүйлөй албай калабыз. Ошол биздин кесепетибиз. Бизде деген илим өнүкпөйт, дүйнө жүзүндө алдыга озуп бара жаткан илимий ачылыштарды түшүнбөй калабыз. Биз, мындайча айтканда, таш доорго кайтабыз.  

Улуттук аттестациялык комиссия Кыргызстанда 1993-жылдан бери иштеп келет. Комиссиянын милдети — илимий иштерди кароодон өткөрүү. Улуттук аттестациялык комиссиянын өкүлү Бактыбек Меймановдун айтымында, паракорлукту жоюу максатында комиссияга келген илимий иштерди шифрлөөдөн өткөрүп, эмгектердин авторун, жетекчисинин атын атабоо чечими кабыл алынган. Мындай ыкма изилдөөчүнүн илимий наамды сатып алышына бөгөт болот.

— Эксперттерге диссертация жактаган адамдын аты-жөнү, анан жетекчисинин аты берилбейт, тема жана иш эле берилет. Эксперт экспертизадан өткөрүп жатканда аны ким жактаганын билбейт. Андыктан илимге талапкер менен байланыша албайт. Анан да шифрлөөдөн өткөрүп жатабыз, эксперттер аны көрбөйт. Мурда диссертациялык кеңеште ким коргогонун эч ким билчү эмес, азыр бир ай мурун онлайн шилтеме берип жатабыз. Биздин сервер аркылуу кирип, көрүп керек болсо, жактоо учурунда суроо берсе болот. 

Окумуштуулардын айтымында, илим менен алектенүү, изилдөө жүргүзүүчү лабороторияны куруу үчүн кеминде эле 1 млн доллар керектелет. Кыргызстандын шартында ага мүмкүнчүлүк жок. Ошол себептен да көптөгөн окумуштуулар чет өлкөдө жашап, эмгектенип келишет.

Ал эми Улуттук илимдер академиясынын Жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасы Жайлоо Мамытбаев башка тармактарга салыштырмалуу Илимдер академиясында паракорлук дээрлик жок деп ишендирди.

— Академияда коррупция таптакыр жок дегенден алысмын. Бирок башка чөйрөлөргө салыштырмалуу дээрлик жокко эсе десек болот. Себеби бул жерде адамдар илим менен алектенишет. Коррупция көбүнчө илимий макамдарды алганда, ар кандай мамлекеттен келеби, же чет өлкөдөн келеби, илимий наамдар берилгенде болушу мүмкүн. Бирок мен акыркы эки жыл Илимдер академиясында иштеп жатам, бир жолу да андай фактыны өз көзүм менен көргөн жокмун. Ошон үчүн айта албайм.

Ачык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жылына 30дай докторлук жана 200дөй кандидаттык иш жазылат. Анын 10 пайызы комиссиянын сынынан өтпөй калат. Ага карабай азыркы убакта өлкөдө 5 миңден ашуун илимдин кандидаты, миңден ашык илимдин доктору бар.

Copyright © 2017 Maral FM