Биз менен байланышыңыз

Жерди сугарууда жаңы технология колдонгондорго жеңилдетилген насыя берилет

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Дек 2021 | 983 | 0

2022-жылы дыйкан-фермерлерге 5 млрд 200 млн сом өлчөмүндө узак мөөнөттүү насыя берүү пландалып жатат. Бул туурасында Айыл, суу жана токой чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Айтымында, айыл чарбасын каржылоо долбоору 10 жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жатат. Буга чейин 3 багытта насыя берилип келсе, келаткан жылы бул программага дагы бир өтө маанилүү багыт кошулат.

«Тамчылатып сугаруу, чачыратып сугаруу сыяктуу сууну үнөмдөө технологияларын колдонгон дыйкан-фермерлерге, күнөскана ээлерине, багбандарга, органикалык айыл чарба өндүрүшү менен алектенгендерге, асыл тукум мал баккандарга, канаттуу кармагандарга, балыкчыларга, балчыларга, тоют сатуу, даярдоо менен алектенгендерге жылына 8% менен 60 айга 10 млн сомго чейин насыя берүү мерчемделип жатат. Белгилей кетүүчү жагдай, насыяны экинчи жылдан баштап төлөп баштайт»,  — дейт министрдин орун басары.

Ал эми мал чарбачылыгына жылына 10% менен берилет, насыя мөөнөтү — 36 ай, жеңилдетилген мезгили — 6 ай. Насыянын өлчөмү 300 миң сомдон 3 млн сомго чейин. Өсүмдүк өстүрүү боюнча 10%, мөөнөтү — 36 ай, 6 ай насыя төлөөдөн бошотулат, өлчөмү 300 миң сомдон 3 млн сомго чейин берүү пландалып жатат. Ал эми айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагына 6%дык насыя берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM