Биз менен байланышыңыз

Быйыл дыйкандарга 6 млрд сом насыя берилди

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Дек 2021 | 615 | 0

2021-жылы жалпы республика боюнча дыйкан-фермерлерге насыя катары 6 млрд сом берилди. Бул тууралуу Айыл, суу жана токой чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал азыркы учурда ФСХ -9 деген чоң мамлекеттик долбоор ишке ашып жатканын айтып, келерки жылы бул долбоор ишин уланта турганын кошумчалады.

«2021-жылы бизде айыл чарбасын колдоо максатында 6 млрд сом суммасындагы насыя жалпы республика боюнча дыйкан-фермерлерге бөлүштүрүлүп берилди. Ал 3 багытта: өсүмдүк өстүрүүчүлүккө 10% менен; мал чарбачылыгына 10% менен; кайра иштетүүгө 6% менен берилди. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк үчүн 1 млрд сомго жакын суммага 2 638 насыя берилди. Мал чарбачылык категориясы боюнча 7435 кишиге жалпы 3 млрд сом берилди жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү категориясы боюнча 2 млрд сом 309 жаранга берилди», — деди аткаминер.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM