Биз менен байланышыңыз

УКМК: Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак бөлүмүнүн башкы адиси кармалды

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 373 | 0

Пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

6-декабрда Сузак районунун тургуну, Сузак райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери жаш балдарга жөлөк пул алуу үчүн берилген арыздарды кароо жана каттоо үчүн акча каражатын опузалап талап кылып жатат делген арыз менен УКМКга кайрылган.

Буга байланыштуу Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча башкармалыгында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында арыздын материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

7-декабрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, пара алып жаткан жеринен Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси М.Э.С кармалды.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM