Биз менен байланышыңыз

Парламент Жээнбеков менен Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат берген жок

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 749 | 0

Депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же баш тартуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия ишин аяктады.

Бүгүн, 8-декабрда парламентте депутаттык комиссиянын корутундусу каралды. Аны жалпы жыйынга депутат Канатбек Исаев тааныштырды.

Комиссия аталган депутаттарды жоопко тартууда мыйзам бузулган деп эсептейт.

Ал эми депутат Бакытбек Жетигеновдун жактоочулары комиссиянын отурумуна келбей калганына байланыштуу маселесин кароо кийинкиге калтырылган. Бирок комиссия үч депутаттын тең камалышы мыйзамсыз экенин билдирди.

Бир катар депутаттар үч депутаттын тең маселесин бирге кароо керектигин белгилешти. Комиссия эгер керектүү материалдар даяр болсо, түшкү тамактануу маалында маселени карайт.

Комиссия төмөнкүдөй корутунду чыгарган:

-Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамдын 24-беренесине ылайык, депутат элдин жана мамлекеттин коргоосу алдында турат. Ал айтылган ой-пикири жана добуш берүү жыйынтыктары үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес;

-Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Конституциянын 78-беренесин бузуу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган жана камакка алынган;

-Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин жаңы редакциясы күчүнө киргендигине байланыштуу ал тергөө абагынан токтоосуз бошотулууга тийиш;

Талкуунун жыйынтыгында комиссия Жогорку Кеңешке Башкы прокурордун аталган депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартышын талап кылды. Сунушту 102 депутаттын 94ү колдоду.

Буга чейин Башкы прокурор Курманкул Зулушев үч эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров «Кумтөр» иши боюнча камалган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карап, 2022-жылдын 30-январына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ошондой эле Бакытбек Жетигенов 2022-жылдын 26-январына чейин камакта калтырылган. Ал шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу, бийликти күч менен басып алууну пландаштырган деп шектелүүдө.

Канатбек Исаев төрагалык кылган депутаттык комиссиянын курамында Евгения Строкова (КСДП),

Авазбек Абдугапаров (“Республика-Ата Журт”),

Канатбек Исаев (“Кыргызстан”),

Алмазбек Токторов (“Кыргызстан”),

Тазабек Икрамов (“Өнүгүү-Прогресс”)

Мамасадык Бакиров (“Бир Бол”) жана Эмиль Токтошев (“Ата Мекен”) бар.

Copyright © 2017 Maral FM