Биз менен байланышыңыз

«Ваучердик системаны бала бакчадан баштоо керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Дек 2021 | 662 | 0

Ваучердик системаны биринчи пилоттук негизде бала бакчадан баштоо керек. Мындай пикирин «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, пилоттук долбоорду Бишкек шаарында баштоо керек. Анткени, биринчиден, Бишкектин борбор шаар макамы бар. Мыйзамдын негизинде кадрды өзү тандайт, каражатын өзү башкарат, инфраструктурасы бир кишинин  колунда топтолгон, реформа киргизгенге болот.

«Эмне үчүн Бишкекте өткөрүү керек? Анткени мектептердин саны көп. Балдардын саны көп. Тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Дайым кыймылда. Экинчиден, жеке менчик мектептин саны да ушул жерде топтолгон. Мисалы, биз бул реформаны киргизүү менен Чаткал районунда 5 мектеп болсо, бир жеке менчик мектеп жок болсо, бала кайда барат?» — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM