Биз менен байланышыңыз

Франциянын түштүк-чыгышында үч кабат имарат жарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 261 | 0

Франциянын Санари-сюр-Мер коммунасында үч кабаттуу имарат жарылды. Бул тууралуу BFM телеканалы билдирди.

Жарылуу газ түтүгүнүн тешилип калуусунан келип чыккан. Окуя болгон жерде 2 өрт өчүрүү унаасы, 70 кызматкер иш алып барган.

Кырсыктан төрт адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Урандынын астында болжол менен беш адам калганы айтылып, учурда издөө иштери жүрүп жатат.

Аймактагы тургундар коопсуз жайга көчүрүлгөн. Жарылуудан калган калдыктар тазаланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM