Биз менен байланышыңыз

АЛРОСА Кубогу: Мээрим Жуманазарова орусиялык атаандашын жеңди

Кыска кабар , Спорт | 4 Дек 2021 | 2062 | 0

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) бүгүн, 3-декабрда Орусиядагы «Москванын Гран-приси — АЛРОСА Кубогу» мелдешинде орусиялык Ханум Велиеваны жеңип алды.

Жуманазарова атаандашын 3:2 эсебинде утту. Анын жеңишинен кийин Кыргызстандын туусу көтөрүлүп, гимни жаңырды. Ал эми Жуманазарова жеңүүчүнүн медалын тагынды.

Эскерте кетсек, Жуманазарова быйыл Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынын жарым финалында Ханум Велиева менен беттешип, 3:3 эсебинде жеңип алган. Бирок Орусия тарап калыстардын чечимине макул болбой, жеңиш туура эмес ыйгарылганын айтып чыгышкан. Мындан улам балбан кыздарды кайра беттештирүүнү машыктыруучу Нурбек Изабековго сунушташкан.

Белгилей кетсек, бул мелдеште грек-рим, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грэпплинг боюнча беттештер болот.

Copyright © 2017 Maral FM