Биз менен байланышыңыз

Эльвира Сурабалдиева: Атамдын ишин улантуу үчүн депутаттыкка аттанам

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2021 | 2101 | 0

Экс-депутат Эльвира Сурабалдиева Бишкектин Биринчи май шайлоо округунан шайлоого аттана турганын «Маралга» тастыктады.

Ал 2005-жылы дал ушул округдан атасы Жыргалбек Сурабалдиев депутат болуп келгенин, бирок 89 күн иштегенден кийин киши колдуу болгонун эскерди. Шайлоого бир мандаттуу округдан көп эле айым талапкер аттанганы менен бири да өтпөй калганын айткан экс-чиновник бул анын намысына тийгенин кошумчалады.

«Парламенттеги айымдардын саны 15тен ашпайт деп айтып калышты. Мен үчүн бул абдан өкүнүчтүү. Жадагалса кээ бир коллегаларым: «Бир мандаттуу округдан аялдар өтпөйт, канчалык акылдуу болсоң да, патриот болсоң да эптеп шым кийген эркек болсо, сени утуп кетет», — дешкен. Мен үчүн бул аябай намыстана турган нерсе болду. Эмне үчүн биз кыйын убакта иштей алат экенбиз да, бийлик бөлүштүрө келгенде айымдарды четтетип коюшат?! Ошол үчүн айымдардын намысын коргоо жана атамдын ишин улантуу үчүн шайлоого аттанууну чечтим», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM