Биз менен байланышыңыз

Депутаттын азайган айлыгынын пайда-зыяны

Саясат | 3 Дек 2021 | 1724 | 0

Президент Садыр Жапаров республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасынын айлыгы 30 миң сом, орун басарларыныкы 27 миң сом, ал эми депутаттардыкы 25 миң сом деп белгиленди. Депутаттардын айлыгынын кыскаруусу экономикалык үнөмдөөгө канчалык таасир этет? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.  

Маалым болгондой, Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыгы буга чейин 25 миң 500 сом болуп келген. Президенттин жарлыгы менен 500 сому кыскартылды. Буга серепчилер акыркы чакырылыштын депутаттарынын көп сынга кабылышы себеп болгонун белгилешүүдө. Бирок депутаттар эл өкүлчүлүк милдетти аткарууда, шайлоочулары менен тыгыз иш алып барууда каржы жагы да жетиштүү болуусу кажет экенин айтат Жогорку Кеңештин депутаты Чынара Урумкалиева.

«Айлыгыбыз ансыз деле ошондой болчу. Бир гана жардамчым бар. Эгер иштейм десең, сенин бир жардамчың эмнеге жетишет?! Мисалы мен бир жыл депутат болдум, иштейм десең, иш толтура. Бирок алган айлыгың актабайт».

Финансы министрлигинен бул боюнча комментарий алууга аракет кылдык. Бирок маалымат келе электигин айтышып, жооп берүүдөн баш тартышты.

Серепчи Нурбек Мухтардын белгилөөсүндө, сапаттуу парламентке ээ болуу үчүн андан каржыны аябоо керек. Эл өкүлдөрүнүн айлыгына болгон мамиле алардын сапатына таасир этет. Андан башка да керексиз чыгымдардан баш тартып, саясий туруктуулук үчүн алардын айлыгын жогорулатуу кажет.

«Бюджетти оптимизациялоо деген туура эмес түшүнүк. Эгер сиз программа жаздырта турган болсоңуз, 10 миң сомдук программист бар, анан 2 миң долларлык программист бар. 10 миң сомдук программист 10 миң сомго ылайык программа жазат. Сиз аны менен алыс кете албайсыз, келечеги жок, коду туура эмес болот, хакерлер кирип чыгат, быт-чытын чыгарат. Ал эми 2 миң долларлык программистке жаздырсаңыз сапаттуу болот. Ошол сыңары эле бюджетти 90 депутаттан аябашыбыз керек. Биз азыркыга өлчөм койбошубуз керек, биз келечекке өлчөм коюшубуз керек. 90 депутаттын айлыгынан кыскартуу жасабай, андан көрө башка керексиз чыгымдардан баш тарткан оң. Саясий туруктуулук үчүн, Кыргызстандын аброю үчүн депутаттарга жакшы айлык берилиши зарыл».

 Ал эми экс-депутат Эсенгул Исаков Жогорку Кеңешти эки палаталуу парламент кылууга сунуш бергенин айтты. Ал сунушта мыйзам жазуучу 20 депутат гана айлык алып, калганы акысыз эл менен иштөөсү камтылган. Андан сырткары экс-депутат эл өкүлдөрүнүн айлыгын жогорулатып, жоопкерчилигин арттыруу керек деген пикирде.

«Негизи Жогорку Кеңеш иштесин десек, мыйзам чыгарчуларды отургузуп, калганынын баарын элге коё берүү керек. Мыйзам чыгарчуларга кызматтык унаанын кереги жок, жанына юрист менен консультантты отургузуп коюу керек. Азыр деле мыйзамды 20 эле киши жазат арасынан. Калганы жөн эле отурат. Ошон үчүн айлыктарды ошол бойдон калтырып, булардын ишин мыйзам чегинде текшерип, 1 жыл ичинде мыйзам жазбаса четтетүү керек».

Мындан эч кандай деле экономикалык үнөмдөөгө салым кошулуусу мүмкүн эмес. «Эл өкүлү» — суверендүү мамлекеттин маанилүү институттарынын бири. Президенттин мындай чечимди кабыл алуусу калың элдин өкүлдөрүн урматтабагандыкка жатат. Буга чейин деле жогору айлык-маяна болгон эмес, мындай айлыктын аздыгы эми мындан ары акчалуулардын гана келүүсүнө шарт түзөт. Мындай пикирин саясат талдоочу Эмил Жороев билдирди.

«Эл өкүлү деген азыркы суверендүү мамлекетибизде эң чоң институттардын бири экенин, шайланып келген 90 депутат 6.5 млн элдин өкүлү экенин, ошол элдин көзү, кулагы, оозу экенин эсепке алуу керек болчу. Бул — майдачылдык. Муну чындыгында өтө майдачылдык деп гана айтса болот. Эч кандай экономикалык үнөмдөөгө салым кошуусу мүмкүн эмес. Бир аз да болсо мамлекеттин мааниси эмне экенин, мамлекеттүүлүк эмне экенин түшүнгөн кишилер үчүн бул аткаруу бийлигинин башчылыгы тарабынан өкүлчүлүк бийлигине карата сыйлоонун жоктугу болуп жатканын ашкерелеп коёт».

Жогорку Кеңештин азыркы VI чакырылышынын депутаттары 2015-жылдын ноябрында кызматтык унаадан баш тарткан. Анын ичинен азыр төрага жана анын эки орун басары, майыптыгы бар эл өкүлү гана автоунаа менен камсыздалат. Калганы жеке унаасы менен иштөөгө макул болгон.

Ал эми кызматтык турак жайлар Бишкекте жашай турган жери жок эл өкүлдөрүнүн баарына берилип келет.

Copyright © 2017 Maral FM