Биз менен байланышыңыз

«Жашыл экономиканы» өнүктүрүү үчүн мыйзамдык базаны чыңдоо зарыл

Коом , Экономика | 7 Дек 2021 | 1180 | 0

Өкмөт ишкерлер менен биргеликте жашыл экономиканы кандай ишке ашыруу керектигин талкуулады. Анда Кыргызстандын таза экологиясын сактап калуу үчүн «жашыл экономикага» өтүү учурдун талабы экени айтылды.

Кыргызстанда «жашыл экономикага» арналган форум жыл сайын өтүп келет. Быйыл бул иш-чара 10-декабрга белгиленген. Анда чет өлкөлүк эксперттердин да ойлору угулуп, тажрыйба алмашууга шарт түзүлөт. «Жашыл экономикага» өтүү аракети бир топ жылдан бери болуп келе жатканы менен алгылыктуу натыйжа байкала элек.

ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыровдун айтымында, бүгүнкү күндө бул маселе Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө өтө актуалдуу болуп жатат. Кыргызстанда «жашыл экономиканы» өнүктүрүүгө бардык шарттар бар. Бирок коңшу өлкөлөрдөн бир аз артта калуудабыз. Ал үчүн алгач мыйзамдык базаны чыңдап, экологияга зыян алып келбеген өндүрүштөрдү жакшыртуу жана ишкерлерге шарт түзүп берүү керек.

«Азыр дүйнө жүзүндө энергетиканын жетишсиздиги, сугат суунун, таза суунун тартыштыгы болуп жатат. Климаттын өзгөргөнү да чоң жоготууга алып келүүдө. Ошол себептен дүйнө жүзүндө экологияны, табиятты таза сактап калуу үчүн иш-аракеттер жүргүзүлүп келе жатат. Адистердин айтымында, абанын булганышы адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө. Мисалы, бизде да сезиле баштады. Бишкекте аба өтө булганыч. Электр энергиясына чектөөлөр кирип жатат. Бул көйгөйлөрдүн бир гана чечими — «жашыл экономикага» өтүү зарыл. Кыргызстанда да «жашыл экономика» жумалыгы деп ушундай талкуулар жүргүзүлүп келет. Быйыл да ушундай форум өткөрүлөт. Ошого карата бул жерде атайын адистер менен талкуу болууда. «Жашыл экономикага» өтүүдө Кыргызстан коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу артта калыптырбыз. Мындан улам ишкерлер арасында сүйлөшүүлөр болот. Мисалы, Монголияда «жашыл экономиканы» колдонгон, жайылткан жарандарга жеңилдик берген, каржы жактан колдогон атайын программалар болот. Ошол эле Кыргызстанда машина чыгаруучу өндүрүш болобу же башкасыбы, айтор, экологияга зыян алып келбеген жагы бааланышы керек. Ал ишкерге колдоо көбүрөөк болот».

Учурда мамлекет «жашыл экономиканы» өнүктүрүү боюнча алгачкы гана кадамдарды жасап жатат. Мындай пикирин Экономика жана коммерция министрлигинин стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Ашыров билдирди. Ал белгилегендей, жаратылыш ресурстарын натыйжалуу колдонуунун аркасы менен адамдардын жашоо-шартын жакшыртуу максатын көздөйт.

2019-жылдан 2023-жылга чейин Кыргыз Республикасында «жашыл экономиканы» өнүктүрүү программасы бекитилген.

«Бул багытта 7 тармак бар: жашыл экономика, органикалык жашыл айыл чарба, жашыл өнөр жай, туруктуу туризм, таштандылар боюнча саясат, жашыл шаарлар жана төмөн көмүртектүү экологиялык транспорт. Мамлекеттин алдында ушул тармактарды өнүктүрүү боюнча шарттарды түзүп берүү маселеси турат. Иш-чаралардын бири жалпы экономиканы туруктуу өнүгүүгө алып келүүдө жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу болуп эсептелет. Андан тышкары бул ресурстарды үнөмдүү пайдаланууну эле түшүндүрбөйт, ал башка тармактарды да камтып, бардык тармактарда туруктуу өнүгүүгө жол көрсөтөт».

2015-жылдан бери уюштурулуп келген «Жашыл экономика» форуму бир жумага созулат. Анын алкагында туризм, транспорт, энергетика, өндүрүш, айыл чарба, билим берүү жана маалымат жеткирүү багытындагы иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM