Биз менен байланышыңыз

Отоларинголог: Гаймориттин 70%ын инфекция козгойт

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Дек 2021 | 753 | 0

Изилдөөлөргө караганда, гаймориттин 70%ын инфекция, 30%ын вирустар козгойт. Бул тууралуу отоларинголог Кенже Убайдыллаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Дарыгердин маалыматына караганда, гаймориттин курч түрү жана өтмө түрү болот. Курч түрүн дары-дармек менен дарылап койсо болот. Убагында, комплекстүү түрдө дарылап койсо, оору өтмө түргө өтпөй, адам ошол бойдон гаймориттен кутулушу мүмкүн.

Гайморит эки ыкма менен дарыланат. Биринчи ыкмасы консервативдүү дарылоо, дары-дармектердин жардамы менен дарылоо. Экинчи жолу — хирургиялык. Мында бейтаптан толук маалымат алынып, анамнез чогултулат. Көңдөйдүн ичинде канчалык деңгээлде ириң бар экенин билиш үчүн рентгенге жиберет.

Өтүшүп кеткен түрүндө пункция кылып, ийне аркылуу көңдөйчөнү тешип, ириңди жууп чыгышат.

«Ириңди жуугандан кийин артынан антибиотик, же сезгенүүгө каршы препараттарды куюп тазалайбыз. Бул — аябай таасирдүү. Жыйынтыкты да жакшы берет. Дары-дармек алганга караганда, мындай жол менен бейтап бат айыгат», — дейт дарыгер.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM