Биз менен байланышыңыз

Саясатчыга болгон кол салуунун саясий кырдаалга таасири

Саясат | 2 Дек 2021 | 1552 | 0

Кечээ «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. ИИМ бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, ага кол салгандардын бири кармалганын билдирди. Саясатчы өзү муну саясий террор деп атады. Учурда коомчулук «Абройлуу саясатчы минтип чак түштө сабалып жатса, карапайым жарандардын коопсуздугу кантти?» деген суроонун айланасында кызуу талкуулап жаткан чагы.  

1-декабрь күнү түш чендерде «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге борбор калаадагы мейманканалардын биринен белгисиз адамдар кол салышкан. Алар саясатчыдан шайлоонун жыйынтыгын таанууну талап кылышып, белгисиз тарапка алып кетүүгө аракет кылышкан. «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө «Ата Мекен» партиясынын лидери бул аракетти саясий террор катары сыпаттады.

«Өлкөдө саясий террор жүргүзгөн режим орноп жатат. Мен саясатчылар, депутаттар, талапкерлер менен жолугуп, «Парк Отелдин» барында отургам. Бирөөлөр топурап келип эле: «Сен телефондон башкарып митинг уюштуруп жатыпсың, силерден качан кутулабыз, качан тынчтык болот?» — деп туруп эле беш-алтысы сабап кетти. «Сыртка чыгарып, автобуска салып, бир жакка алып кетебиз, ошол жактан сүйлөшөбүз», — дешти. Чыксам, 100дөй адам экен. Ошол жерден да айтып жатышат: «Эски саясатчылар, биз силерден тажадык. Жаңы, жакшы адамдар келди; биздин адамдар келди; биздин заманыбыз келди; биз башкарабыз. Эмне үчүн силер БШК алдына барасыңар?», — деп. Мен айттым, «Шайлоо бүтө элек, жыйынтыгы чыга элек, ошон үчүн БШКнын алдына бардык. Эгерде сот карап жаткан болсо, соттун алдына барат, укугубуз бар», — десем, «Андай укугуңар жок. Силер үйдөн чыкпай отурушуңар керек, шайлоону таанышыңар керек», — деп жатышат».

«Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрү кол салуу болгондон кийин эле УКМКнын алдына топтолуп, кол салган адамдарды тез арада табуусун талап кылышкан. «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулованын айтымында, Текебаевге кол салгандар БШКнын алдындагы митингге да келишкен. Ошол жерден чагым уюштуруу пландары болгон. Бирок ишке ашкан эмес.

«Кечээ кол салуу болгондон кийин эле, биз: «Тез арада, ыкчам табылышы керек. Болбосо бул бийлик тарабынан уюшулган иш деп тааныйбыз», — деген талап койдук. Азыркы маалымат боюнча бир кишиси табылыптыр. Бирок ал жерде топ жүрдү да. Бул чындап эле уюшулган топ. «Ошол эле видеодо жүргөн адамдар биз БШКнын алдында турганда жүрүшкөн», — деп биздин балдар айтышты. Демек, булардын башынан эле пландары болгон. Ошол жерден чагым уюштурмак, анан биз митингде өзүбүздүн талаптарды коюп кетип калдык. Анан булар Текебаевдин артынан мейманканага жөнөшкөн. Бул жерде чындап эле саясий террор болуп жатат. Өздөрүнүн уюшкан кылмыштуу топторуна ишеним артып, ошолорду уюштуруп жатышат».

Ал эми УКМК башчысы Камчыбек Ташиев журналисттерге берген интервьюсунда Өмүрбек Текебаевге кол салуу болбогонун, ал бирөө менен уруша кетип, аны каршылашы гана чаап жибергенин билдирди.

«Текебаевге кол салынган эмес, ал менен кимдир бирөөлөр урушуп кеткен. Ал жерде атайын келип Текебаевге кол салып, ага кандайдыр бир күч колдонгон эмес. Текебаев кимдир бирөө менен урушуп кеткен, ошону азыр ИИМ иликтеп жатат. Текебаевге кол көтөргөндүгү боюнча бир адам кармалды. Бардыгы мыйзам чегинде жоопко тартылат».

Президент Садыр Жапаров бул окуя боюнча ИИМге бардык жагдайларды изилдеп чыгууну, саясатчыга карата орун алган аракеттерди жасаган адамдарды аныктоо максатында, ыкчам-издөө иш чараларын жүргүзүүнү тапшырды.

Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири кармалганын жана учурда башка адамдарды да кармоо аракети көрүлүп жатканын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору Бактыгүл Акматалиева билдирди.

«Өмүрбек Текебаевге кол салуу фактысы боюнча тергөө жана ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун 1998-жылы туулган Э.Ы аттуу тургуну кармалган. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексининин 98-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле шектүү Ө. Текебаевге таандык уюлдук телефонду өз ыктыяры менен тапшырды».

Ал эми Коопсуздук комитетинин катчысы Марат Иманкулов ар бир жаран кол тийгис экенин, мыйзам так аткарылышы керек экенин баса белгиледи.

«Бир да адамга кол салуу болбошу керек. Мыйзам бузулбашы керек. Мыйзам иштеши керек. Териштирилет. Текебаев эмес, бардык жаран кол тийгис да. Мыйзам, Конституция аткарылышы керек. Ар бир жарандын кол тийбестиги бар».

Шайлоо өнөктүгүнүн жыйынтыктары маселе жаратып, коомдук-саясий абал чыңалып турганда мындай окуя элди тынчсыздандырып жатат. Белгилүү саясатчы гана эмес, катардагы жарандын да мындай окуяга кабылып калуу прецеденти жаралып калды.

Коомдук, саясий ишмер Каныбек Осмоналиев «Маралга» берген маегинде мындай аракеттердин таасири коомдук чыңалууга алып келиши мүмкүн деп чочулайт.

«Биринчи жолу андай калибрдеги адамга күндүзү кол салуу болду. Бул анын саясий престижине эмес, өмүрүнө кол салуу болду деп айтуу керек. Бул — абдан оор кылмыш иши. Бул жерде ушундан пайдаланып, расмий бийликти түшүрүүгө  болгон чабуулдардын күч алышы мени тынчсыздандырып жатат. Ушундан пайдаланып, оппозицияны биротоло жок кылып жиберүүгө камынып жаткан күчтөрдүн күч алышы кооптондуруп жатат. Мындай күч жыйынтыгында чоң социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн».

Өмүрбек Текебаев 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынан талапкер болгон. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы маселе жаратканда ал жыйынтыкты тааныбай, аны жокко чыгарууну талап кылган.

Copyright © 2017 Maral FM