Биз менен байланышыңыз

Шек жараткан таза шайлоо. Ким күнөөлүү?

Саясат , Шайлоо-2021 | 1 Дек 2021 | 1419 | 0

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоонун жыйынтыгы чыга элек. БШКнын маалыматтык серверинин үзгүлтүккө учурашы, кол санактын узакка созулуусу шайлоого катышкан партиялардын, айрым жарандардын шек саноосун күчөттү. Жаралган жагдай боюнча Боршайком депутаттыкка талапкер көрсөткөн саясий партиялар менен жолугушуу уюштуруп, анда 28-ноябрда сайтта маалыматтарды көрсөтүүдө болгон техникалык катанын себептери талкууланды.  

БШКнын берген маалыматына таянсак, айыл-аймактардагы шайлоо тилкелеринен берилген добуш борбордук серверге түз түшүп, ал автоматтык түрдө маалыматтык системанын сайтына чыгат. Ал БШКнын буга чейинки сынагынан ийгиликтүү өткөн. Бирок  шайлоо күнү сервердин үзгүлтүккө учурашы  – капыс иш. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын билдирүүсү боюнча, автоматтык түрдө эсептөөчү урналардан түшкөн маалыматтарды сактоочу БШКнын серверине тиешелүү адистерден башка эч ким кире албайт.

«Бардык участкалардан борбордук серверге маалымат түз түшөт. Бул жерде эч кандай үзгүлтүк болгон жок. Серверге келди, түштү, маалымат чыкты. Серверден автоматтык түрдө маалыматты чагылдыруучу сайтка чыкты. Чагылдырууда эч кандай маалыматтар өзгөргөн жок. Кошумча, кыска маалымат берүүчү таблицада туура эмес формула киргизилген. Ошондуктан кыска баракчада формуланын туура эместигине байланыштуу сайтта маалымат туура эмес көрсөтүлгөн. Ал эми жалпы системада эч кандай өзгөрүү болгон жок».

Борбордук шайлоо комиссиясынын техникалык адиси маалыматтык системадан кеткен мүчүлүштүктү түшүндүрүп, добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча автоматтык эсептөөчү урналардан түшкөн маалыматтарды системага чыгарууда партиялардын талапкерлери алган добуштар эки жолу саналып калганын айтты.

«Мисалга алсак, «Ата Мекен» партиясы үчүн 33 миң 345 бюллетенде партия жана ичиндеги талапкерлерге белги коюлган. 11 миң 961 добуш «Ата Мекен» партиясынын өзүнө гана берилген, ичинде талапкерлерге коюлган эмес. Бул бюллетендеги АЭУ окуган жыйынтык боюнча 78 миң 651 деген сан жана жанындагы пайыздык көрсөткүч менен көрсөтүлгөн 6.14% деген жерде ката кеткен. Себеби, биз программаны даярдап жатканда партиянын ичиндеги добуштар эки жолу эсептелип калган. Ошондуктан катачылык бизден кеткен».

Бул арада парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партия өкүлдөрү, активисттер, шайлоочулар Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана шайлоону жараксыз деп танууну талап кылышты.

Жыйында «Ынтымак» партиясынын лидери Марлен Маматалиев атайын адистерден турган жумушчу топ түзүп, серверде ким ката кетиргенин, эмне ката кеткенин иликтеп чыгууну сунуштады.

«Келиңиздер, ар бир партия өзүнүн IT-адисин берсин. БШКнын адистери, партиялардан келген адистер менен чогуу жумушчу топ түзөлү. Программалоодо ар бир аракетте карда из калгандай эле из калат. Муну IT-адистери гана түшүнөт. Ошол жерден башка жактан серверге кирүү болгонбу, болгон эмеспи, текшеребиз. УКМК менен бирдикте комиссия түзсөк, жаралган көйгөйлөр чечилет».

Жыйындын жыйынтыгында БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова жума күнгө чейин техникалык катанын себептерин тактоо жана жаралган көйгөйдү чечүү боюнча түзүлө турган көз карандысыз комиссиянын курамына талапкерлерди сунуштоону партия өкүлдөрүнөн өтүндү.

8-ноябрда парламенттик шайлоо аяктап, жыйынтыктар санала баштаганда БШКнын автоматташтырылган системасы бир канча убакытка иштебей калган. Кайра ишке киргенде добуштардын көрсөткүчү өзгөрүп кеткен. Бул шайлоого катышкан партиялар арасында жана коомчулукта күмөн ойлорду пайда кылган.

Copyright © 2017 Maral FM