Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 1-декабрга карата 10 миң 555 адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 1 Дек 2021 | 192 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада  COVID-19га каршы 10 миң 555 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Алардын ичинен 6 миң 44 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 511 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 116 миң 666 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 897 миң 630 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca вакциналары менен эмделип жатат.

Ошондой эле Кыргызстанга коронавируска каршы «Модерна» вакцинасынын 115 миң 200 дозасы алып келинди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM