Биз менен байланышыңыз

Жаныш Курбанов Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 808 | 0

Жаныш Курбанов Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

22-октябрда Нарын шаардык кеңеши мэрликке Арслан Сталбек уулун шайлаган. Бирок БШК 25-октябрда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Нарын шаарынын ага чейинки мэри Самарбек Болотбеков алдамчалыкка айтыпталып, кийин сыртка чыкпоо тил каты менен коё берилген.

Нарын шаарынын жаңы мэри 1954-жылы туулган. Ал Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен Баткен облусунун Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

Кыргызстанда облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын мэрлери мамлекет башчы тарабынан дайындалат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM