Биз менен байланышыңыз

Президент: Добуштарды эч ким «уурдаган» жок, Кудайдан корккула!

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 5320 | 2

Президент Садыр Жапаров шайлоонун жыйынтыгы боюнча нааразы болгон партияларга «Фейсбуктан» кайрылуу жасады.

Анда шайлоонун жыйынтыгы сервер аркылуу бурмаланды делген маалыматтарды четке какты. Төмөндө президенттин кайрылуусу толугу менен:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

«Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде «сбой» болду, добуштарды уурдады» деп ызы-чуу салып жаткан партияларга айтарым: бюллетендерди кол менен санап чыгууга силерге эч ким тоскоол болбойт. Кол менен санап чыккыла. Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча, бюллетендер эч жака жылбашы керек. Эгер чындап эле БШК жасалма кылган болсо, БШКнын бардык мүчөлөрү жоопко тартылышат; керт баштары менен жооп беришет. Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине да эч ким кийлигишкен жок. Эгер ким кийлигишкен болсо, БШКнын мүчөлөрү, ачык айткыла. Адамдан коркпогула, Кудайдан корккула».

2 пикир

2 пикир

  1. Жыпаркул

    29.11.2021 11:17

    Чон рахмат!Айткан калоо-тилектердин баарысы оорундалып,олкобуз онугуп-оссун!!!Биз кыргыз Эли сизди колдойбуз жана ишинизге албан-албан ийгилик!!!АК ЖОЛ!!!Сасыткылардан арылдык урраааа!

  2. Айнур

    02.12.2021 21:20

    Акчана сатылды баары

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM