Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: 113 миң 553 бюллетень жараксыз болду

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 779 | 0

Акыркы алынган маалыматтарга ылайык, добуш берген бюллетеньдердин 113 553ү жараксыз болду. Бул тууралуу БШКнын сайтына жарыяланган маалыматта айтылат.

Добуш берүүгө жалпы 1 177 657 жаран катышты. Анын ичинен 90% бюллетень жарактуу болсо, 10%дай бюллетень жараксыз болду.

Ушу тапта добуштарды автоматтык саноочу урна эсептөөдө. Андан соң кол менен саналып, акыркы расмий жыйынтык 18-декабрга чейин жарыяланат.

Жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын 59у чет өлкөлөрдө.

Жалпысынан жарышка бир мандаттуу округдар боюнча 282 талапкер жана 21 партия катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM