Биз менен байланышыңыз

Алдын ала жыйынтык: Баарына каршы добуш бергендер 25 миңден ашты

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 472 | 0

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыяланып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, саат 21:00гө карата 25 миң 670 жаран баарына каршы добуш берген. Бул — 2210 автоматтык эсептөөчү урнанын жыйынтыгы. Жалпы 2 494 урна бар.

Алдын ала маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы эки райондо баарына каршы добуш бергендер көп болду.

Свердлов районунда баарына каршы добуш 36,55% түздү. Биринчи май районунда баарына каршы добуш бергендер 31,5% болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM