Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Мыйзам бузуулар боюнча кайрылуулар 4,5 эсе азайды

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 232 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна жалпы 106 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу аталган топтун жетекчиси Тынчтык Шайназаров брифингде кабарлады.

Анын айтымында, 2020-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда 466 кайрылуу келип түшкөн.

Быйыл кайрылуулардын саны 4,5 эсе аз. 106 кайрылуунун ичинен 54ү добуш сатып алуу, сегизи үгүт иштеринин бузулушу, 37си административдик ресурсту пайдалануу, үчөө шайлоо фондунан сыркары каражат колдонуу, төртөө башка бузуулар.

Аймактарга бөлүп айтканда, Бишкектен 10, Баткенден 7, Жалал-Абаддан 13, Ысык-Көлдөн 5, Нарындан 11, Оштон 22, Таластан 7, Чүй облусунан 31 кайрылуу түшкөн.

Шайназаров 7 кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлүп, 15 кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатканын белгиледи.

«Төрт адамга айып угузулду. БШК тарабынан 20 талапкерге кат жүзүндө эскертүү берилди. Белгилей кетсем, эскертүү оор жазага кирет, анткени эки ирет алса, талапкер же партиянын каттоо маселеси каралат. Мындан сырткары 35 жаранга айып салынды», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM