Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Бийлик айрым талапкерлерге терс үгүт жүргүздү

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 467 | 0

Парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкер Өмүрбек Текебаев добуш бергенден кийин журналисттердин суроосуна жооп берип, шайлоо тилкелеринде добуш берүү мыйзам чегинен чыкпаганын билдирди. Анын пикиринде, өлкөдө эркин шайлоо өтөт. Эч ким эч кимди колунан жетелеп, шайлоо участогуна алып келбейт.

Ал азыркы бийлик шайлоону таза өткөрүүгө аракет кылганын, бирок эл да добуш сатуудан алыс болушу керектигин айтты.

«Шайлоо участогунда добуш берүүлөр мыйзам чегинде өтүп жатат. Илгери добушканаларда эле «иш бүтчү» эле. 2011-жылдан баштап шайлоо системасы реформаланды, ал мыйзамдардын үстүндө мен да иштегем. Акыркысы «акылдуу» урналар менен жыйынтыкталды. КМШ байкоочулары бул жагынан кынтык жок деп айтышат. Бирок коррупция шайлоо участогунан көчөгө чыкты. Талапкерлер, партиялар адамдардын добушун сатып ала баштады. Былтыр болуп көрбөгөндөй сатып алуулар болуп, жыйынтыгын көрдүк. Бул баарыбызга сабак болду. Азыркы бийлик добуш сатып алууларды азайтууга аракет кылды. Буга эл да аракет жасашы керек. Ошондуктан баары кынтыксыз дегенден алысмын», — деди Текебаев.

Текебаев шайлоо өнөктүгүндө акчанын орду мурункудай эле чоң экенин айтып, бийликтин эң негизги кемчиликтерин атады.

«Мамлекет башчысы өзү баш болуп, УКМК төрагасы төш болуп, кээ бир талапкерлердин фамилияларын айтып, «шайлоо да болот, шайлоонун эртеси да болот, керек болсо камайбыз» деп коркутканын көрдүк. Мунун өзү потенциалдуу талапкерлерди коркуткандык. Мен мыйзамды бузуу сыяктуу адилетсиз шайлоонун элементтерин партиялар тизме түзө баштаганда эле байкагам. Бул партияга барсаң бата берет, башкасына барсаң проблема болот, мүмкүнчүлүгү бар адамдарды туура партияларга бөлүштүрүштү. «Туура эмес» деп эсептелген партияларга Атайын кызмат, мамлекет башчысы ачык эле терс үгүт жүргүздү».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM