Биз менен байланышыңыз

Президент жарандарды активдүү добуш берүүгө чакырды (видео)

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 441 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Ленин районундагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берип жатып, элди активдүү добуш берүүгө чакырды.

«Бүгүн Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн балдарыңыздардын келечеги аныкталат. Ошондуктан дагы бир жолу силерден суранып кетем, шайлоого келип активдүү катышып бериңиздер», — деди президент.

Президент Садыр Жапаров Бишкектин Ленин райондук № 1053 шайлоо участогунда добуш берди. Ал Чоң-Арык айылындагы шайлоо тилкесине жубайы Айгүл Жапарова менен саат 8.30да келди. Добуш берүүдөн кийин президент басма сөзгө кыска кайрылуу кылды.

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды. Добуш берүү кечки саат сегизде токтотулат.

Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер катышууда.

 

Акылбек Жапаров №1142 шайлоо участогунда добуш берди

Copyright © 2017 Maral FM