Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы өчүрүлөт

Кыска кабар | 27 Ноя 2021 | 368 | 0

Бишкектин айрым көчөлөрүндө 29-ноябрдан 2-декабрга чейин жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Минск/Республика көчөлөрүнүн кесилишинде 1979-жылы пайдаланууга берилген жер астындагы газ түтүгү жарылган. Ал жерди оңдоо үчүн газды өчүрүүгө туура келүүдө.

Буга байланыштуу Фучик көчөсүнүн, №2 Черепки көчөсүнүн Жибек Жолу проспекти менен чектешкен аймактарында, Чоң Чүй каналынын аймагында,  №7705 аскер бөлүгүнүн отканасында газ болбойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM