Бишкектин айрым көчөлөрүндө 29-ноябрдан 2-декабрга чейин жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Минск/Республика көчөлөрүнүн кесилишинде 1979-жылы пайдаланууга берилген жер астындагы газ түтүгү жарылган. Ал жерди оңдоо үчүн газды өчүрүүгө туура келүүдө.
Буга байланыштуу Фучик көчөсүнүн, №2 Черепки көчөсүнүн Жибек Жолу проспекти менен чектешкен аймактарында, Чоң Чүй каналынын аймагында, №7705 аскер бөлүгүнүн отканасында газ болбойт.