Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бир суткада 11 миң 358 адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 27 Ноя 2021 | 277 | 0

27-ноябрга карата 11 миң 358 адам коронавируска каршы эмдөө алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Алардын ичинен 5 миң 153 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 205 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 98 миң 855 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 883 миң 210 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca вакциналары менен эмделип жатат.

Ошондой эле Кыргызстанга коронавируска каршы «Модерна» вакцинасынын 115 миң 200 дозасы алып келинди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM