Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2021: Момбековдун ара жолдо калган абалы

Саясат , Шайлоо-2021 | 26 Ноя 2021 | 1896 | 0

«Социал-демократтар» партиясынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер, депутат Рыскелди Момбеков диплом чыры боюнча 24-ноябрда  шайлоодон четтетилген. Бирок ал билдирүү жасап, тарапташтарын добуш берүүгө чакырды. Ал шайлоого катыша алабы? Бул суроого жооп издеп көрдүк. 

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Социал-демократтар» партиясынан талапкер Рыскелди Момбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Бишкек шаардык административдик сотуна арыз менен кайрылганын айтып чыкты. Аны менен катар бул арыз каралып бүткөнчө, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими токтоп турарын, андыктан шайлоого катыша берерин билдирип, тарапташтарын өзүнө добуш берүүгө чакырды.

«Бишкек шаардык административдик сотуна арыз менен кайрылдым. Бул деген БШКнын чечими токтогонун билдирет. Демек, сиздер шайлоого келип, мага добуш берсеңиздер болот. Бул соттун чечими да акыркы болуп эсептелбейт, анткени мыйзамдын талабы боюнча акыркы чечимди Жогорку Сот гана чыгарат. Бул — бир жумалык нерсе. Туш-туштан, Кыргызстандын бардык жеринен шайлоочуларым кайрылып жатат. Урматтуу шайлоочулар, мен силерден суранам, сиздер шайлоого келсеңиздер болот. Мага добуш берсеңиздер, эч кандай маселе болбойт».

БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматовго байланышканыбызда, ал бул чечим азыр күчүндө турганын, аны сотко арыз жазганы жокко чыгарбасын баса белгилеп, шайлоочулар Момбековго добуш бере алышпай турганын айтты.

«Бишкек шаардык админстративдик сотуна кайрылууга ал укуктуу. Биз Рыскелди Момбеков боюнча чечимди тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген расмий документтердин негизинде кабыл алганбыз. Шайлоочулары добуш бере алышпайт. Биздин чечим азыр жокко чыккан жок. Эгер добуш беришсе, добуштар күйүп кетет».

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева БШК Рыскелди Момбеков боюнча бир тараптуу, эрте чечим кабыл алып коюшкандарын айтат. Себеби Жогорку Соттун чечими акыркы инстанция катары чыга элек. Мыйзам боюнча талапкердин шайлоочуларынын добушу соттун чечимине ылайык кабыл алынып, же жокко чыгышы керек.

«Рыскелди Момбековдун шайлоочуларын мага добуш бергиле деп үгүттөөгө укугу бар. Себеби Жогорку Соттун чечими акыркы инстанция катары чыга элек. Ошон үчүн ал тарапташтарын үгүттөй алат. Бирок экинчи жагынан анын чечими туурабы же туура эмеспи, сот аркылуу гана белгилүү болот. Мунун акыркы чечими сот аркылуу гана аныкталышы керек. Бул жерден БШК да, талапкер да бир тараптуу болууга укугу жок. Рыскелди Момбеков боюнча БШК чыгарган чечим — бул алдын ала чыгарылып калган чечим. Ал нерсени сотко кайрылып, Момбековго шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берип, анан соттун жыйынтыгына карап, берилген добуштар жокко чыгып же саналышы керек болчу. БШК эрте чечим чыгарып койду».

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын 24-ноябрдагы отурумунда талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетүү чечими кабыл алынган. Бул чечимге Билим берүү жана илим министрлигинин Момбековдун биринчи диплому жасалма экенин, андыктан экинчи диплому да жараксыз болуп каларын тастыктап жөнөткөн каты негиз болгону белгиленген.

«Социал-демократтар» партиясы дипломдун капысынан текшерилиши оппозициячыл депутатка кысым көрсөтүү, саясий чечим болгонун белгилеп келишет.

Copyright © 2017 Maral FM