Биз менен байланышыңыз

БШК: Талапкер Бакытбек Саиповдун арак таратканы аныкталды

Кыска кабар | 26 Ноя 2021 | 719 | 0

№11 Алай округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бакытбек Саиповдун үстүнөн арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Анын Кара-Кулжа айылында алкоголдук ичимдиктерди бекер таратып жүргөнү такталган. «Шайлоочуларды сатып алуу» беренесине байланышкан бул факты Ички иштер министрлигине текшерүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жаңы Башмыйзамга ылайык, парламент 90 депутаттан туруп, анын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM