Биз менен байланышыңыз

Сугат суунун тартыштыгынан улам бир катар жетекчилерге сөгүш жарыяланды

Кыска кабар | 26 Ноя 2021 | 250 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге жана Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеевге сөгүш жарыялады.

Мамлекет башчы жаз-жай мезгилинде Чүй облусунун сугат жерлерин талаптагыдай сугаруу камсыз кылынбаганын айтып,  «дыйкандар ызы-чуу сала баштаганда гана кириштиңиздер» деп сындады.

Жапаров сугат мезгилине эрте даярдык көрүү зарылдыгын белгилеп, бул үчүн жогоруда аты аталган жетекчилер жеке жоопкерчилик аларын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM