Биз менен байланышыңыз

Президент: Жакыр үй-бүлөлөргө светтин тарифи 50 тыйындан болсун

Кыска кабар | 26 Ноя 2021 | 1401 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук Кеңешинин жыйынында азык-түлүк коопсуздугу маселесин карап жатып, өлкөдөгү жакыр үй-бүлөлөргө электр тарифин төмөндөтүү тапшырмасын берди.

«1-январдан баштап биринчи электр энергиядан жардам берели. Азыр 77 тыйын да, ошону 50 тыйынга түшүрүп бергиле. 1-январдан баштап 50 тыйынга түшсүн, калган 27 тыйынын сиздер бюджеттен субсидия кылып төлөп бересиздер», — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле тийиштүү министрликтерге жакыр үй-бүлөлөрдүн даректерин, аты-жөндөрүн тактоону тапшырды.

Жаңы тарифтер 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кириши керек.

«Бир айдын ичинде дагы бир сыйра ревизия кылып чыккыла. 31-декабрга чейин эски тариф менен аласыңар да, 1-январдан баштап жаңы, 50 тыйындык тариф менен аласыздар. Ушул 110 миң 518 үйдө. Бир айдан кийин сиздерден сурайбыз», — деп белгиледи президент.

Мындан тышкары Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго тамак-аш жагынан да жардам берүү керектигин айтты.

«Жаңы жылдан кийин сөзсүз түрдө ун, май, шекер таратып бериңиздер. Көлөмүн өзүңүздөр талдап чыгыңыздар министрликтер менен, облустардагы өкүлдөрдөн», — деди президент.

Copyright © 2017 Maral FM