Биз менен байланышыңыз

27-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 26 Ноя 2021 | 304 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 27-ноябрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Зымдарда жана бак-дарактарда ным кар топтолгон. Жолдордо кар, муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда секундасына 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;

Талас жергесинде түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7;

Бишкекте 27-ноябрда түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз +3…+5 градус жылуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM