Биз менен байланышыңыз

Жээнбековдун жагдайы: Шайлоо мыйзамын түзөтүү керекпи?

Саясат , Шайлоо-2021 | 24 Ноя 2021 | 1303 | 0

Бүгүн, 24-ноябрда абактагы саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Равшан Жээнбековдун тарапташтары шайлоодо үгүт ишин жүргүзүүсүнө уруксат берүү талабы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына митинг өткөрүштү.

Парламенттик шайлоого катышып жаткан саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын Бишкектин Биринчи Май райондук соту 3-ноябрда карап, абакта калтырган. Мындан улам ал шайлоого чейинки өнөктүк маалында талапкер экенине карабай, эл астына чыгып, үгүт иштерин жүргүзө алган эмес. Буга байланыштуу саясатчынын тарапташтары анын конституциялык укугу бузулуп жатканын, бул саясий чечим экенин бир ооздон белгилеп, БШКнын имаратына барышты.

Жээнбековдун уулу Азат Равшандын айтымында, БШК талапкер катары каттагандан кийин үгүт жүргүзүүгө уруксат бериши керек эле.

«Тилекке каршы, биз 30 жылда шайлоо өткөргөндү үйрөнбөптүрбүз. Биздин бийлик, БШК шайлоо өткөргөндү үйрөнбөй, өткөн окуялардан сабак албай, кайра эле болбогон шайлоону өткөрүп жатабыз. Көп учурларда шайлоону бийлик, БШК өзү ушинтип башаламандыкка алып келген. Мисалы, Равшан Жээнбековду талапкер катары каттады, бирок анын конституциялык укугуна жараша бошотуп, дебаттарга алып келген жок, түз эфирге алып келген жок. Ошондуктан биз бүгүн чыгып, Нуржан Шайлдабекованын отставкасын талап кылып жатабыз».

Конституцияга ылайык, талапкер Равшан Жээнбеков шайлануу укугуна ээ болду. Бирок үгүт мөөнөтү бүткөнгө чейин өз округундагы шайлоочулары менен жолуга албаса, дебаттарга катыша албаса, анда ал шайлоонун жыйынтыгы таза, акыйкат атаандаштыкта өткөнүнөн шек жаратат. Мындай пикирин митингдин катышуучусу, жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

«Конституцияда эки эле негизги укук жазылган: бул – шайлоо жана шайлануу. Равшан Жээнбековдун азыркыга чейин шайлоочулар менен толук укуктуу жолукпай жатканы Конституциянын базалык эң негизги нормалары сакталбай, бузулуп жатканынан кабар берет».

Саясатчынын тарапташтары айткан талаптарды БШКнын өкүлдөрү чыгып уккан жок. Биз Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматовго байланыштык. Анын белгилөөсү боюнча БШК сот чечимдерине кийлигише албайт. Шайлоо башталганга чейин эле талапкер Жээнбеков абакта болгон. Эгер ал эркиндикте болуп, шайлоо процесси учурунда кандайдыр бир мыйзам бузуу катталганда, комиссия кандайдыр бир чараларды көрмөк.

«Шайлоо башталганга чейин соттун чечими менен статусу ошондой болчу. Биз ага кийлигише албайбыз. Мисалы, шайлоого катышып жатып камалып калса, андан бизден уруксат берилмек. Бул конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн. Андай болсо бизден, БШКдан камакка алгангабы же сотко жибергенгеби, уруксат сурашмак. Ошондой болчу».

Юрист Таалайгүл Токтакунова «талапкер сөзсүз түрдө жандуу үгүт жүргүзсүн» деген да талап жок экенин, ишенимдүү кишилери аркылуу деле жүргүзө берсе болорун айтат.

«Равшан Жээнбековдун үгүт процессин эч ким чектеген жок. Ошондуктан бул жерде «сөзсүз түрдө бошотулуп, көчөдө жүрсүн» деген процедура мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Эми ошол жерде отурган канча миң киши талапкер болуп алса, аны чыгарганга укук жок да. Өзү эмес, өзүнүн ишенимдүү кишилери үгүт жүргүзгөнгө укугу бар. Эми мыйзам боюнча укугу бар. Бирок «сөзсүз түрдө өзү барып турсун» деген мыйзам жок».

Юристтин белгилөөсү боюнча, абакта отурган адамдардын укуктары, шайлоо учурунда добуш берүүнү уюштуруу боюнча атайын мыйзам бар. Ушул кырдаал ошол мыйзамга атайын толуктоо, түзөтүү киргизип, баш коргоо чарасына өзгөртүү киргизүү убагы келгенин көрсөттү.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча шектүү катары камакка алынган. Саясатчы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы Кой-Таш окуясында айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган.

Былтыр 6-октябрда парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыкта абактан бошотулган.

Быйыл 5-августта үй камагынын талаптарын бузганы айтылып, кайра камакка алынган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты куугунтук деп атап келет.

Ал 28-ноябрда шайлана турган Жогорку Кеңештин депутаттыгына Бишкек шаарындагы №26 Ленин округунан талапкер болуп катталган.

Шераалы Бекташ

Copyright © 2017 Maral FM