Биз менен байланышыңыз

Али Шабдан: Элде быйылкы дебаттарга кызыгуу жок

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Ноя 2021 | 1027 | 0

Быйылкы дебаттардын кызуу өтпөй жатканы — депутаттардын ыйгарым укуктарынын азайганында. Мындай пикири менен жарандык активист Али Шабдан «Маралдын» эфиринде бөлүштү.

Анын айтымында, учурда талапкерлерде деле, элде деле дебаттарга мурункудай кызыгуу жок. Анткени 7-чакырылышта келе турган эл өкүлдөрү көп нерсени чече алышпайт.

«Азыркы Конституция менен алардын ыйгарым укуктары абдан чектелген. Бул талапкерлердин дебатта кандайдыр бир чоң-чоң маселелерди көтөрүүсүнө абдан тоскоолдук жаратат. Мурункудай «Мен мындай иштерди кылам, минтип салам», -деп айта алышпайт. Айтса, популизм болуп калат.  Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында ыйгарым укуктары болуп туруп, эч нерсе кыла албай койгондон кийин жаңы Баш мыйзамда көп укуктары чектелгенине байланыштуу чоң бир маселелерди алып чыгып, чоң бир темаларды көтөргөнгө чамалары чак»,  — дейт Али Шабдан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM