Быйылкы дебаттардын кызуу өтпөй жатканы — депутаттардын ыйгарым укуктарынын азайганында. Мындай пикири менен жарандык активист Али Шабдан «Маралдын» эфиринде бөлүштү.
Анын айтымында, учурда талапкерлерде деле, элде деле дебаттарга мурункудай кызыгуу жок. Анткени 7-чакырылышта келе турган эл өкүлдөрү көп нерсени чече алышпайт.
«Азыркы Конституция менен алардын ыйгарым укуктары абдан чектелген. Бул талапкерлердин дебатта кандайдыр бир чоң-чоң маселелерди көтөрүүсүнө абдан тоскоолдук жаратат. Мурункудай «Мен мындай иштерди кылам, минтип салам», -деп айта алышпайт. Айтса, популизм болуп калат. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында ыйгарым укуктары болуп туруп, эч нерсе кыла албай койгондон кийин жаңы Баш мыйзамда көп укуктары чектелгенине байланыштуу чоң бир маселелерди алып чыгып, чоң бир темаларды көтөргөнгө чамалары чак», — дейт Али Шабдан.