Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө көмүрдүн баасы бир айда 10%га кымбаттады

Кыска кабар | 21 Ноя 2021 | 135 | 0

Көмүрдүн чекене баасы республика боюнча ушул жылдын 18- ноябрына карата октябрга салыштырмалуу орточо эсеп менен алганда 10.1%га жогорулап, анын бир тоннасы  5 706 сомду түздү. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.

Көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокатта бир тоннасы 10 мин 039 сом, Баткенде бир тоннасы 9 мин 718 сом жана Исфанада бир тоннасы 9 мин 091 сом болуп катталды.

Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында бир тоннасы 2 500 сом, Балыкчы шаарында бир тоннасы 4 049 сом, Нарын жана Кара-Балта шаарларында бир тоннасы 4 500 сом болгону байкалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM