Биз менен байланышыңыз

Президент: «Прокуратурага тергөө жүргүзүү укугун кайтарып бердик»

Кыска кабар | 20 Ноя 2021 | 1441 | 0

Бүгүн, 20-ноябрда, Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болду. Ага президент Садыр Жапаров да катышып, прокуратуранын тергөөчүлөрү ар дайым сапаттуу тергөөнүн үлгүсү болуп келгенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Советтер Союзу убагынан бери калыптанып калган эң оор жана ашкерелөөгө кыйын болгон кылмыштарды тергөө укугу прокуратура тергөөчүлөрүнөн алынып салынганын эске салды.

Анын айтымында, буга чейин жүргүзүлгөн соттук-укуктук реформанын алкагында кылмыш-жазык мыйзамдары кабыл алынып, укук коргоо системасына бир катар сокку урулган.

«2021-жылдагы жаңы Конституциянын талаптарына ылайык, прокуратура органдарына кылмыш куугунтугун жүргүзүү  функциялары, жөнөкөй тил менен айтканда, тергөө жүргүзүү укугу кайра кайтарылып берилди. Конституциялык реформанын дагы бир өзгөчөлүгү Башкы прокурорго мыйзам демилгелөө укугунун берилиши болду», — деди ал.

Белгиле кетсек, 22-ноябрь 2000-жылдан бери прокуратура кызматкерлеринин күнү катары белгиленип келет.

Copyright © 2017 Maral FM