Биз менен байланышыңыз

Электрондук каттоо мал сатууга пайдасын тийгизет

Экономика | 22 Ноя 2021 | 1555 | 1

Өлкөдө тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында мал каттоонун (идентификация) электрондук түрү иштеп жатат. Бүгүнкү күнгө карата 1 жарым миллиондон ашуун уй электрондук каттоодон өткөрүлдү. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы билдиргендей, электрондук тиркемеден ар бир ферманын, чарбанын, жеке жактардын баккан малы тууралуу ыкчам, так маалымат алууга болот.

«Жандыктарды идентификациялоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, мал каттоонун электрондук системасы БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен 2015-жылы иштелип чыккан. Буга байланыштуу 3 миңдей ветеринар адис идентификация боюнча 5 ай онлайн окутулуп, жер-жерлерге жөнөтүлгөн.

Айыл чарба министрлигинин ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору Алмаз Шаршенбеков электрондук каттоонун максатын түшүндүрдү.

«Идентификациянын негизги максаты: эт азыктарынын коопсуздугун көзөмөлгө алуу, эпизоотияга каршы иштерди жүргүзүү. Кыргызстанда 1 млн 700 миңден ашуун уй бар. Ушул жылдын январь айынан тартып жылкыларды да каттоого алуу толук кандуу башталган. Бүгүнкү күндө 25 миң жылкы идентификациядан өтүп, анын ичинен 2 миңден ашык асыл тукум жылкы электрондук базага киргизилди. Мындан сырткары 2020-жылдан тартып үй канаттууларын, балык жана аары чарбаларын да каттоого алуу толук кандуу башталган. Мал туулгандан тарта катталып, союлганга же өлгөнгө чейин көзөмөлдөнөт. Малдын кайсы ооруга каршы эмделгени, лабораторияга тапшырылганы ж.б. маалыматтар толук кандуу электрондук базага киргизилип турат. Өлкөдөгү бардык ветеринарлар малды каттоодон өткөрүп, электрондук тиркемеге кошулуусу керек».

Мал каттоонун милдеттери:

  • малдын так эсебин берүү;
  • эт экспорттоодо жана импорттоодо мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү;
  • ветеринардык-санитардык жана зоогигиеналык талаптардын сакталышын көзөмөлгө алуу.

Мал каттоонун электрондук тиркемесин «Улут Софт» жоопкерчилиги чектелген коому иштеп чыккан. Ишкананын кызматкери Адылбек Курманбек уулу тиркеме тууралуу буларды айтып берди:

«2020-жылдан бери ветеринардык кызмат менен идентификация системасын оңдоп-түзөө иштерин аткарып келе жатабыз. Малды көзөмөлгө алуу боюнча жаңы кызматтарды иштеп чыктык. Ар бир ветеринар өзүнүн уюлдук телефонуна тиркемени көчүрүп алса болот. Учурда негизги жумушту жергиликтүү ветеринарлар аткарып жатат. Ветеринар ар бир союла турган, сатыла турган малга документ берет. Тирүү малга документ берилген соң, «Форма-2 А» коштоочу документи кошо чыгат. Баары QR-код менен чыгарылган. Анда ар бир жаран кире ала турган шилтеме болот. Ал аркылуу жаран мал тууралуу маалымат алат. Ветеринардык лабораториядан чыгарылган протокол ар бир эт сатылган жерде болушу керек. Жарандар эт сатып алууда ошол документти талап кылса болот».

Учурда малды электрондук каттоо тиркемеси ветеринарларга ыңгайлуу болушу үчүн кошумча кызматтар менен толукталды. Мисалы, «мал чек» кызматынын жардамы менен ар бир жаран мал жөнүндө толук маалымат алат. Ал эми «док чек» деп аталган кызмат аркылуу ветеринардык коштоочу документтердин аныктыгын текшерет. «Сиздин ветеринардык врач» кызматынын жардамы менен өзү жашаган жердин ветеринарын билсе болот.

Мамлекеттик ветеринардык инспекциянын эпизоотияга каршы күрөшүү жана жандыктарды каттоого алуу башкармалыгынын башчысы Адилет Сотобалдиев малды каттодон өткөрүү малчы-фермерлер үчүн да чоң мүмкүнчүлүк экенин айтты.

«Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп кирүүнүн алдында ветеринардык системанын эквивалентин таануу чоң көйгөйлөрдүн бири болгон. Анын ичинде ветеринардык идентификациянын жоктугу тоскоолдук кылган. Бажы кызматынын курамына киргенден баштап, малды каттоодон өткөрө баштады. Анын жыйынтыгында, 180 ишкана Бажы кеңешинин реестерине катталды. Бул биздин мал чарбасы, эт азыктары, бал жана башка багыттагы ишкерлер үчүн чоң мүмкүнчүлүк болду. Алар үчүн ЕЭАБ алкагында соода рыногуна эшиктер ачылды. Бирдиктүү реестерге катталуу оор. Анын негизинде малдын так санын аныктоо керек. Ошого жараша коркунучтуу оорулардан сактоо үчүн вакциналарды сатып алабыз. Чет өлкөлүк эксперттер келгенде «биздин өндүрүшкө ишенсе болот» деген маалымат катары электрондук базада далил көрүнүп турат».

«Жандыктарды идентификациялоо жөнүндө» мыйзам 2013-жылы кабыл алынган. Алгач Ысык-Ата, Кара-Буура, Ноокат пилоттук район катары тандалып, атайын адистер окутулган. 2016-жылдын 18-ноябрында Ысык-Ата районунун Люксембург айылында биринчи жолу малды электрондук каттоо башталган.

1 пикир

1 пикир

  1. Дони

    10.05.2023 09:22

    Ушу мал каттоону кичине женилдетпейлиби , мисалы ар жаран озу анкетная толтуруп каттай турган кылып, ветеринар телефондон эле кабыл алып коетурган кылып

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM