Биз менен байланышыңыз

Самат Ибраев: Финтех мыйзамы банк секторун өнүктүрөт

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Ноя 2021 | 1059 | 0

Коомдук талкууга коюлуп жаткан финтех мыйзамы Кыргызстандын банк секторун технологиялык жактан дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга жардам берет. Мындай пикирин аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Бир жума мурун Министрлер кабинети «Бишкек» эл аралык финансы борбору» деген мыйзамды талкууга койгон. Анын бир бөлүгүндө жаңы финансылык технологияларды өнүктүрүү тууралуу сөз болот. Самат Ибраевдин айтымында, финтех мыйзамы ошонун негизинде жазылды.

«2010-жылдан бери бизде финансы тармагында чоң революция болуп жатат. Бул тармакка жаңы финансылык компаниялар кирип, алардын жаңы технологиялары, программалык камсыздоолору бүт дүйнө боюнча таркап жатат. Ал компаниялар Кыргызстанда да ишмердигин жүргүзүшү үчүн ушул мыйзамды кабыл алышыбыз керек. Бул мыйзам Кыргызстанга эмне алып келет? Биздин банк секторунун технологиялык жактан дүйнөлүк деңгээлге чыгуусуна жардам берет. Бүгүнкү күндө биздин банктар өтө артта калган технологияларды колдонушат. Ошондуктан бул жаңы технологияларды бүгүнкү күндө Кыргызстанга да киргизели деп жатабыз», — дейт депутат.

Анын пикиринде, бул мыйзамды кабыл алсак, Кыргызстанда банктардын кызматтары абдан төмөндөйт, насыялардын пайыздары эки эсе ылдыйлайт, ошондой эле көп инвестициялар, каржы булактары келип баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM