Биз менен байланышыңыз

Көмүрдүн арзандоосу көйгөйдү чечеби?

Коом , Экономика | 16 Ноя 2021 | 1096 | 0

Бүгүн Бишкектеги кампалардын биринде көмүрдүн бир тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштады. Бирок кезек көп болуп кеткендигине байланыштуу бир үй-бүлөгө 2 тоннадан гана берилет. Учурда кампада 200 тонна көмүр бар. Кардарларды атайын түзүлгөн тизменин негизинде, документтерин текшерип киргизип жатышат. Кара-Кече көмүрүнүн баасы өлкөнүн бардык аймактарында арзандайбы?

Кыргызстанда суук түшө баштагандан тарта көмүр кымбаттап кетти. Статистикалык маалыматка таянсак, 11-ноябрга карата Кыргызстанда көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдон ашып, октябрь айына салыштырмалуу 14,7%га кымбаттаган. 15-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкектеги ТЭЦ-2 конушунун тургундары менен жолугушуу учурунда көмүрдүн баасы 3 миң сомго түшөт деп убада кылган.

Анын негизинде бүгүн борбор калаадагы кампалардын биринде көмүр 3 миң сомдон сатылды. Кампанын жетекчиси Султанбек Жолдошбаевдин айтымында, түшкө чейин эле 80 тоннадай көмүр өткөн. Ошондой эле ал бүгүн түнү кампага 500 тоннага чейин көмүр алынып келерин кошумчалады.

«Кечээ түнү 200 тонна Кара-Кече көмүрү келди. Президент айткандай, 3 миң сомдон сатылып жатат. Бүгүн да эртең менен 200 тоннадан өйдө көмүр жүктөлгөн. Кезекте турган эл көбөйүп кеткендигине байланыштуу, ар бир адамга 1 жарым же 2 тоннага чейин эле көмүр жүктөп берип жатабыз. 5-6 тонна же андан көп алабыз деген кардарлар да бар. Азырынча ал көлөмдө бере албайбыз. Элдин баарына жеткирели деп жатабыз. Мамлекет тарабынан атайын өкүлдөр келишти, «көмүрдү 3 миң сомдон сатып бергиле» деп. Эч кандай келишим түзүлгөн жок. Бул жөн гана жардам берүү максатында ишке ашырып жатабыз. Учурда Кыргызстан боюнча биздин кампада эле 3 миң сомдон сатылууда».

Алынган маалыматка караганда көмүр Ноокат районунда эң кымбат — 10 миң сомдон сатылууда. Ал эми Баткенде 9 миң 344 сом болсо, Исфанада 8 миң 746 сомдон болуп жатат.

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова жакын арада көмүр өлкөнүн бардык аймагында арзандай турганын билдирди.

«Бир топ жылдан бери Кара-Кече көмүрүнүн дүң баасы 1330 сом болгон. Өзүн патриотмун деп эсептеген ишкерлерибиз биригип, бул демилгени колдоп беришти. Алып сатарлардан сактануу максатында 2 тоннага чейин эле берилип жатат. Азырынча бир гана Бишкекте сатылууда. Негизи 100 көмүр ташуучу унаа берилген. Тилекке каршы, учурда 30 гана унаа иштеп жатат. Жакында дагы 70 унаа кошулат. Кыргызстандын бардык аймактарына ушундай кампаларды ачуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Унаалардын баары келгенден кийин көп көлөмдө жүктөп алып, башка аймактарга жеткиребиз».

Ал эми көмүр саткан жеке менчик ишканалардын биринин жетекчиси Халил Кашкаев учурда Бишкекте көмүрдүн баасын 5 миң сомдон жогору сатып жатышканын айтып берди.

«Бүгүн Бишкекте 3 миң сомдон көмүр сатылып жатканынан баарыбыз кабардарбыз. Ал жакта эл да аябай көп. Биз 5 миң сомдон ташып келип, үстүнө 500 сом кошуп сатабыз. Бирок ишибизди токтотконго туура келип жатат. Себеби кардарлар азайып баштады. Азырынча бул бир гана Бишкекте 3 миң сомдон сатылып жатат. Башка аймактардагы тургундар баары бир жеке менчик көмүр сатуучу жайлардан алышат. Алар менен да сүйлөшүп жатабыз. Биз Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги койгон баадан ашырбай элебиз. Азыр көп жерде көмүр жок, тартыш. Ар бир үй-бүлөгө 2 тонна көмүр жетпейт».

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы билдиргендей, бир үй-бүлөгө 2 тоннага чейин көмүр берилсин деген лимит ушул жылдын 1-декабрында жоюлат. Ошондой эле Кара-Кече көмүрү кыш мезгили аяктаганга чейин такай 3 миң сомдон сатылат.

Copyright © 2017 Maral FM