Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жылына 6 миңден ашуун адам тамекиден көз жумат

Ден соолук , Коом | 17 Ноя 2021 | 2552 | 0

Кыргызстанда тамеки тартуудан пайда болгон оорулардан жылына 6 миңден ашуун адам бул дүйнө менен кош айтышат. Айрыкча мунун ичинен эң коркунучтуусу рактын ар кандай түрлөрүнө, өпкө рагына чалдыккандар көп кездешет. Себеби тамеки тартпагандарга караганда тамеки тарткандардын бул ооруга чалдыгуусу 22 эсе жогору болот.

«Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин жетекчиси Омор Касымов өлкөдөгү каза табуулардын саны боюнча жүрөк-кан тамыр ооруларынан кийин эле өпкө рагы турарын айтат.

«Эл аралык корпоративдик уюмдар тамекини экономикасы алсыз, билим берүү системасында алдын алуу иштери аз өлкөлөргө өткөрүп жатат. КМШ мамлекеттерине, Түштүк Азия өлкөлөрүнө тамекини жайылтууга күчүн жумшап жаткан кези.  Көйгөйлөрдүн бири: мамлекет ичиндеги лобби. Өлкөгө контрабандалык жол менен канчалаган тамеки келип жатат. Тамеки эгип тирилик кылган дыйкандар да арбын. Ал тарапты да эске алуу керек. Тамеки негизинен XIX-XX кылымдан тарта кеңири жайылган. Тамекинин курамында никотин жана көптөгөн уулуу заттар болот. Никотин тамекидеги активдүү уулуу заттарга кирет, организмге бат тарайт, көз карандылыкка алып келүү дарамети өтө жогору. Жаш адам никотинди бир жолу тартып көрүп, кийин ага көнүп калат. Биздин изилдөөлөрдө 1-класска чейинки балдардын беш пайызы тамекинин даамын татып көргөнү аныкталды. 17-25 жашка чейин балдар, кыздар тамекинин ар кандай түрлөрүн тартып көрүшкөн. Оозуна да салып жатышат, мурунга да салып, жыттап көрүп жатышат. Азыр ооруканаларда жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккан аябай жаш 30-40ка чейинки жаш жарандар көп. Бул тамекинин таасири да. Тамеки чеккен эркек менен аял өз денесине гана зыян алып келбестен, төрөлө турган баланын ден соолугуна да коркунуч жаратат».

Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 29-июлунда коомдук жайлар менен мекемелерде тамеки тартууга тыюу салган «Кыргызстандын жарандарынын ден соолугун тамеки, никотин кесепеттеринен, айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзам кабыл алып, ага президент Садыр Жапаров кол койгон.

Акыркы жылдары электрондук тамеки жана ысытылган тамеки заттары сыяктуу жаңы түрлөрү пайда болду. Ал сатыкка 2014-жылдан тарта чыгып баштаган. Буларды бизге маалымдаган Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Ден соолукту чыңдоо борборунун бөлүм башчысы Чынара Бекбасарова президент кол койгон жарлык боюнча пикирин билдирди.

«Тамекинин жаңы түрлөрү пайда болду «Айкос», «Гло» деген. Алардын баары электрондук тамеки болгону менен курамында никотин болот. Алардын ден соолукка зыяны көп, адамды бат эле көз каранды кылып коет. Электрондук тамеки 2008-жылы пайда болуп, 2014-жылдан баштап сатыкка чыга баштаган. Ал убакта бизге кальян келе элек болчу.  Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги тамекинин зыянын айтып келген. Бул мыйзам улуттун ден соолукта болуусуна кам көрүүгө өбөлгө түзөт деп эсептейм».

Статистика боюнча дүйнө калкынын 1 миллиарддан ашууну тамеки тартат. Жыл сайын 8 миллион адам тамекиден пайда болгон оорулардан каза табат. Мунун ичинде 1 миллиону тамеки түтүнү тийгизген таасирден (пассивдүү тамеки тартуу) көз жумат.

Copyright © 2017 Maral FM